Домой Спорт Мушкер Рафаэль Физиев кыргыз элинен кечирим сурады

Мушкер Рафаэль Физиев кыргыз элинен кечирим сурады

186

Кыргыз өлкөсүнөн көчүп кетүүнү чечкен UFC мушкери Рафаэль Физиев аны буга чейин колдоп келген кыргыз элинен кечирим сурады.

«Маалыматтык согуш эң жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Баары акырын гана менин Америкадан башпаанек алгым келгенин, акчан үчүн кетип жатканымды жана башка көптөгөн нерселерди жазып, мени душман катары көрүштү. Диниме жана улутума карабай менин Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында мелдештерге чыкканым үчүн колдогон адамдардан үмүтүңөрдү актай албаганым жана эмоцияга берилгеним үчүн кечирим сурайм. Анан албетте кечирим суроого эми кеч экенин түшүнөм», — деп жазды Физиев.

Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.

Мушкер Рафаэль Физиевдин алгачкы машыктыруучусу үн катты

UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстандан кетерин жар салды