Домой Аналитика Коррупционерлердин пенсиясын кыркыш керек!

Коррупционерлердин пенсиясын кыркыш керек!

97

Жеке өзүм да «даамын татып» калгам, колхоздун коюн багыш эми ойлосом азаптын азабы, тозоктун тозогу болчу да…

Коррупционер

Дегеле тири жанга зыяны жок чоң атамдын иниси Курман деген агама эки жылдай койчу болгом. Ал киши өтө эле момун эле, мени баласындай көрчү, «ант- минт» деп жумшагандан куру эле. Өзүм каалагандай жүрчүмүн. Мына ошондо көрдүм кой багуунун түйшүгүн. Кышкысын бир сарайда болосуң. Таң заардан туруп кык чачасың, чөп саласың, жем саласың, түштө сууга айдап барасың, кайра чөп саласың… Туут башталганда лампаны көтөрүп алып таң агарганча күзөттө болосуң, тууган козу болсо телчиктирип, энеси экөөнү өзүнчө жерге киргизип… козу өлсө жүрөгүң барча тилинип, кээ бир малчы башкарманын: «Ушу козу өлгөнчө, өзүң өлсөңчү!» деген кебин тоё угуп, ой-ой, кой багуунун түйшүгүн толук айтып берүү кайдан болсун!

Ошол кездеги чабандардын жооштугун айтам да, жалаң гана «жок» деген абалда жашайт, ошол «жогун» чоңдордон сурап турат, «нан жок, малга чөп жок, жем жок, туз жок, балдардын бутунда жок, аялым таякесиникине барып келмек, анын акчасы жок, бутунда өтүгү жок…» Тигилер болсо, бергенин берип, калганын кийинкиге калтырып… иши кылып чубалган турмуш да. Чабандар бүлөсү менен нан жеп, карандай  чайын ичкенге ыраазы болуп коюнун артында. Айлык таратып калса, ошол айлыкты зоотехник менен башкарма берип жаткандай аларга ыраазы болуп… деги койчу, ошол кездеги чабандар кудайдын момуну эле да. А кездеги чабандар жайкысын деле жыргачу эмес, жаан деген үч-төрт күнү көнөктөп берсе, отуң күйбөй, бир чыны чайга зар болуп турганычы!.. Ошол кездеги койчу-малчылардын кээ бири эле жетишкен турмуш өткөзбөсө, алардын басымдуу көпчүлүгү төлөмөрдөн башы чыкпай, төрдө олтуруп чеке тердетип жайма-жай бир чыны чай ууртабай, май чайнабай өмүр өткөздү да. Анан пенсияга чыгып, олда шоруң кургурлар ай, кыкка теңелбеген акча алышат эмеспи. Азыр алардын көбү дүйнөдөн өткөн.

Чарбанын ишинде бел түзөбөй эмгектенип келген азыр 65 жаштан кийинкилердин дээрлик баары 2500-3000 сомдун тегерегинде пенсия алат. Өмүр бою балдарды окутуп «жинди» болгон мугалимдер 4000-5000 пенсия алат. Менин Үсөкө деген классташым өмүр бою трактор айдады, башка жумуштарда болду, ошол 1829 сом менен пенсияга чыккан! Бул шылдың го бир! Азыр ооруп жүрөт… Канчалаган колхозчулар колхоздун бардык жумуштарын кың дебей аткарып жүрүп оорукчан болуп калышкан. Эгерде жакшыраак пенсия берсе оорусуна деле кайыл эле… Азыр болсо, алган пенсиясы нанынан ашпайт, дарысына жетпейт!

Пенсионерлердин дагы бир «сорту» бар, айына 30-40 миң алат, 50-60, 70-80 миң алат, 100 миң алганы да бар дейт. Ал шүмшүктөр пенсияга чыга электе элдин ырыскысынан топтоп алган немелер, коррупционерлер. Бул дурайындардын дегеле жаны кыйналган эмес, түшкөнү машина, олтурганы кресло, ичкени кымбат чай, кофе, жегени чучук, казы-карта… кыштын ызгаарына кулагы менен буту тоңгон эмес, жайдын аптабында күнгө куйкаланып, тери шоргологон эмес, эңкейип жерге кол тийгизген эмес, алган пенсиясын кара! «Буюрбай калсын» дегендер көп. Бирок, андай болбойт турбайбы, иттики! Мына ошолордун баарын тизмелеп туруп пенсиясын бир кылка-5000ден кылып койсо, калган сумманы берки бечараларга кошсо,  адилеттүүлүк ошондо орномок, адамдык ошондо болмок!

Пенсия саясатын түп тамырынан бери өзгөртүш керек. Пенсияны жалаң эле кадыр-барк менен, түрдүү жол менен тапкан аброй менен ченебей, эмгек менен өлчөш керек. Ошондо акыйкатчылык болор!  Баса, азыр биздин өлкөдө 630 миң пенсионер бар жана алардын айлык пенсиясына 3 млрд. сом кетет экен.

Баратбай Аракеев