Домой Саясат Бектер кетип, эл калат: жазаланган президенттер

Бектер кетип, эл калат: жазаланган президенттер

128

Курманбек Бакиев

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев Аскар Акаев кулагандан кийин 2005-жылдан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын президенти болуп турган. 16-апрелде Казакстандан: “Мен президенттик кызматтан кеттим” — деп арыз жазып берген. 19-апрелден баштап Беларусияда жашайт, анткени, Лукашенко ага саясий паанек берген. Кийин Кыргызстанда сот болуп, демонстранттарды массалык түрдө аттырганы үчүн 2014-жылы 25-июлда Курманбек Бакиев өмүр бою түрмөдө олтурууга кесилген. Бирок, ал 2 млн. долларга үй сатып алып Минскинин жанында жашап жатат. Беларус тарап аны бизге экстрадициялагандан баш тарткан.

 

Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевич

Гаагадагы эл аралык трибунал Слободан Милошевичке карата ошол жылы Косоводо “адамдарды өлтүрткөн, саясий, расалык жана диний жагынан куугунтукка алган, Косоводон 750 миң албандыкты кууп салган” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. “2001-жылдын 1-апрелинде ал камакка алынган. Сот процесси 22 жолу жылдырылган, анткени, анын ден соолугу начарлап кеткен. 2006-жылы 11-мартта анын сөөгү Гаага трибуналынын түрмөсүндөгү камерадан табылган. Жүрөгү токтоп калган экен.

 

Ирактын экс-президенти Саддам Хусейн

Саддам Хусейн Иракты 24 жыл бою башкарып, 2003-жылы 17-апрелде анын бийлиги кулаган. Анын бийлигин кулаткан америкалыктар Хусейндин колуна кишен салып Катардагы өздөрүнүн аскер базасына алпарып камашкан. Ошол эле жылдын 17-июлунда Ирактын өзгөчө трибуналы Саддам Хусейнге күнөө таккан, анткени, анын буйругу менен Ирактын Дуджайл деген кыштагында 148 мусулман-шииттер өлтүрүлгөн экен. Көрсө, бир ирет ошол айылдан өтүп бараткан Хусейндин кортежине кол салуу болгон тура. Сотто Саддам Хусейн адвокаттардан баш тарткан. “Алар эл душмандары, Американын шпиондору” деп атаган. 2003-жылы 5-ноябрда ага дарга асууга өкүм чыгарылган. Аз өтпөй өкүм ишке ашырылган.

 

Кот-д”Ивуардын экс-президенти Лорен Гбабго

Гаагадагы Эл аралык сотто 2016-жылдын 28-январынан баштап Кот-д”Ивуардын мурунку президенти Лорен Гбабгонун жана анын жардамчысы Шарль Бле Гуденин үстүнөн сот иши башталды. Лорен Гбабго 2000-жылдан 2011-жылга чейин президент болгон. Ага жана жардамчысына адам өлтүрүү, зордуктоо ж.б. биртоп айыптар коюлуп жатат. 2010-жылдын аягында Кот-д” Ивуарда президенттик шайлоо болот. Ошондо өлкөнүн премьер-министри Алассан Уаттару БШКнын чечими менен жеңүүчү табылат. Бирок, Гбагбо Уаттаруга жан тарткан жети региондогу шайлоону жокко чыгарып өзүн “жеңүүчү” табат, ага Конституциялык кеңеш жардамдашат. Анан согуш башталып, 3 миңдей адам курман болот. Кийин эл аралык коомчулук Уаттаруга жардам берип, Гбагбонун бийлигин кулатат.

 

Франциянын экс-президенти Жак Ширак

Жак Ширак да сотто сүйрөлүп жүрүп жоопко тартылды. Анткени, ал Париж шаарынын мэри болуп иштеп жүргөндө коомдук фонддун акчасынан жеп алыптыр да. Ошондуктан ал коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. 79 жаштагы Ширак өтө эле жеңил жаза алып калды дешет. Аны аябаганда түрмөдө 10 жыл олтуруп, 150 миң евро айып пул төлөмөк экен.

 

Либериянын экс-президенти Чарльз Тейлор

Тейлор Либерияны 1997-жылдан 2003-жылга чейин башкарган. Ал президент болуп турганда кошуна Сьера-Леон мамлекетинде граждандык согуш болуп,Тейлор бир тарабына-тынч элге террор уюштурган согушчандарды колдоп аларга ар кыл жардамдарды берип турган, ал согушта 120 миң адам курман болгон. Террорчулардын жардамы менен алмаз кендерине ээ болгусу келген турбайбы Тейлор дегениң. Ал 2012-жылдын 30-майында 50 жылга эркинен ажыратылган.

 

Тунистин экс-президенти Зин аль-Абидин бен Али

Тунистин аталган президенти 1987-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнү башкарып турган. Ал “жасмин көтөрүлүшү” деп аталган окуядан кийин Сауд Арабиясына качып кеткен. Ал кагылышта 80ден ашкан адам курман болгон.  Андан мурун тынчтык демонстрацияны аттырып, 330дөй адамды аттырган. 1991-жылы бен Али 17 офицерди кыйнатып өлтүрткөн. Президентке баш-аягы 90 кылмыш иши козголгон. 2012-жылы 13-июнда Тунистин Аскердик трибуналы тарабынан бен Али өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми 19-июлда дагы 43 адамды аттырганы үчүн экинчи ирет түбөлүккө кесилген. Анын аялы Лейли Трабелси сыртынан 35 жылга кесилген.

 

Перунун экс-президенти Альберто Фухимори

Фухимори Перуну 1990-жылдан 2000-жылга чейин башкарган. Ал 2009-жылы адам укугун бузган деген айып менен соттолуп, 25 жылга кесилген. Фухимори Барриос-Альтос аймагында 15 адамды өлтүргөнгө, Ла-Кантута университетинин 9 студентин жана мугалимин  уурдатып  өлтүрткөнгө катыштыгы бар деп айыпталган. Мындан башка да Фухиморигекоррупцияга катышы бар, мамлекеттик казынага кол салган деген айыптар тагылган.

Баратбай Аракеев