Домой Саясат Сооронбай Жээнбеков үчүн 50 миң кол топтолуп, БШКга тапшырылды

Сооронбай Жээнбеков үчүн 50 миң кол топтолуп, БШКга тапшырылды

45

erection pills in canada. I28A4909

КСДП партиясынан КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоо  үчүн топтолгон 50 миңден ашык  кол тамга Борбордук Шайлоо Комиссиясына ɵткɵрүлүп берилди.

Талапкердин ыйгарым укуктуу ɵкүлү  Жылдыз Сманбаеванын белгилɵɵсүндɵ, шайлоо мыйзамдарына ылайык, Президенттикке талапкерлик үчүн 30 миң кол топтоо жетиштүү.

«Жалпы болуп биздин активисттер Сооронбай Жээнбеков үчүн 100 миңден ашык кол топтошту. Бирок БШКнын ɵтүнүчү менен 50 миң кол тапшырдык. Муну менен комиссия мүчɵлɵрүнүн жумуштарын кɵбɵйтпɵйлү дедик. Алардын жумуштары ансыз да кɵп болууда», — деди Ж. Сманбаева.I28A4904

Белгилей кетсек, КР Президенттик кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги кɵрсɵтүлгɵндɵн тартып, ɵлкɵнүн бардык аймагында  кол топтоо кампаниясы жүрдү.  Кол топтоочу жайлар ɵлкɵнүн бардык аймактарында ачылды.

Шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык, кол топтоо талапкер кɵрсɵтүлгɵндɵн тарта башталып, 2017-жылдын 26-августуна чейин уланат.