Домой Криминал Атайын кызмат жарандарды Сирия, Ирактагы согуш талааларына жиберип турган адамды колго түшүрдү

Атайын кызмат жарандарды Сирия, Ирактагы согуш талааларына жиберип турган адамды колго түшүрдү

93

i (1)

Жакынкы Чыгыштын согуш жүрүп жаткан өлкөлөрүнө, Сирияга, Иракка Борбор Азия жарандарын жөнөтүү боюнча туруктуу канал түзүүнү көздөп жүргөн жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.  “КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны чет элдик жарандарды куралдуу конфликт болуп жаткан аймактарга жөнөтүү каналдарын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында легалдашууга каршы күрөшүү боюнча контртеррористтик иш-чараларынын алкагында кармалды. Ал бир топ кылмыштарды жасагандыгы үчүн өз өлкөсүндө расмий издөөгө алынган”, — деп айтылат аталган маалыматта.

online cialis pharmacy. Ошондой эле кармалган жаран андан ары кылмыш жообуна тартуу үчүн тиешелүү тартипте шериктештердин компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилгени да кабарланды.

Акыркы кезде УКМК кыраакылык менен иштеп, атайын кызматтын өкүлдөрү өлкөгө касын салгандарды өз учурунда кылтакка илип, аларга тиешелүү жазалар берилип жатат. Бул да болсо мамлекеттин коопсуздугу, элдин тынчтыгы үчүн көрүлүп жаткан чара деп түшүнсөк болот.