Домой Аналитика Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын?

Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын?

54

Каракалпакстанда массалык каршылык акциялары чыгып, кан төгүлгөндөн кийин Өзбекстандын бийликтери бул республиканын суверенитетин алуу жөнүндө Конституцияга каралган өзгөртүүлөрдөн баш тартты. Өзбекстан парламенти Каракалпакстандын суверенитети жөнүндө баш мыйзамдагы жоболорду калтырууну чечти.

Нукуста 1-июлда башталган массалык нааразылык акциялары тополоңго айланып, бүт республика боюнча коменданттык саат киргизилди. Нааразылыкты күч менен басуу убагында 18 адам каза таап, 243 адам жаракат алганы расмий жарыяланды.

Каршылык акциялары Өзбекстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверенитетин жана референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу алынып салынгандан кийин дүрт эткен эле.

2-июлда президент Мирзиеёв Каракалпакстанга келип, жергиликтүу депутаттар менен жолугуп, элди нааразы кылган жоболор баш мыйзам долбоорунан алып салынарын билдирди. Анткен менен элдик нааразылык оңой менен тынчыбай калды көрүнөт, каршылык жыйындарда Каракалпакстанды биротоло Өзбекстандан бөлүп алып, көз каранды эмес өлкө кылып жарыялоо жөнүндө сунуштар дембе-дем көтөрүлүп жатат. Бирок көп жылдан бери Өзбекстандын курамында келаткан бул республиканын бөлүнүп өз алдынча болушу оңой чечиле турган маселе эмес, ага көп тоскоолдуктар бар.

Каракалпактар басымдуу эмес

Республиканын өзүндө түпкүлүктүү калк жалаң эле каракалпактар эмес. Калктын үчтөн бир бөлүгү өзбектер, үчтөн бир бөлүгүн казактар жана башка калктар түзөт. Каракалпактар өздөрү да араң отуз пайызды түзөт, басымдуу көпчүлүк эмес. Ошондуктан Өзбекстандан бөлүнүп кетүү идеясы жапырт колдоого ээ болушу кыйын. Бул маселе референдумга чыккан күндө да басымдуу көпчүлүк колдоп бериши оңой болбойт.

«Баары эле каракалпак эмес. Бир топ жеринде өзбектер чогулуп алып жашайт. Бөлүнөбүз деген күндө да ошондой жерлерде талаш чыгышы мүмкүн»,-деди аналитик Жыргалбек Касаболот.

Улуттук элитасы даяр эмес

Көз каранды эместик үчүн күрөш ийгиликтүү болуш үчүн аны жетектеген улуттук элитанын болгону жана анын биримдиги абдан маанилүү. Азырынча каракалпактардын демократиялык кыймылын жетектеген чыгаан саясий лидерлери жөнүндө элге жеткен көп маалымат жок. Бөлүнүү демилгесин дембе-дем көтөрүп аткан лидер Даулетмурат Тажимуратов кармалып, кийин элдин кысымынан улам бошотулду. Бирок анын саясий потенциалы канча элди бириктире алат, башка лидерлер менен биригип башын кошо алабы деген суроо бар.

Улуттук көз каранды эместик үчүн күрөшкөн лидер башын тобокелге байлап коюп чыгыш керек. Ага ар кандай кысым-басым, куугунтук болот, ошонун баарына чыдап күрөшө ала тургандай лидерлер керек.

Каракалпакстандын азыркы саясий элитасы Жоқорғи Кенгесте отурат. Бирок Конституция долбоорунда республиканын суверенитетин садага чаап атышканда, алардын көбү унчукпай отурду. Ал түгүл бул өзгөрүүлөргө демилгечи болгондордун өздөрү да ушул парламентте отурат.

Сырттан колдоо жок

Каралкалпакстандын таламын талашып чыккан чоң өлкөлөр болгон жок. Эң жакын деген Казакстан Өзбекстандын бийлигинин кырдаалды турукташтыруу боюнча аракетин колдой турганын билдирип чыкты.

«Булар үчүн бирөө чыгышы да кыйын. Анткени, Токаев өзү Путинге катуу айтып алды жикчилдик боюнча. Антип айткандан кийин Өзбекстандагы окуяларга башкача мамиле кыла албайт,-дейт Жыргалбек Касаболот.

Кыргызстанда болсо президенттин басма сөз катчысы коңшу өлкөнүн ички ишине киришпөөнү суранып жарандарга кайрылды.

Беларус президенти Александр Лукашенко бул окуяларды «Өзбекстанды солкулдатуу» деп атап, Батыштын тымызын аракети деген оюн каңкуулады.

Нукустагы окуяларга Евробиримдиктен, АКШдан же ЕККУдан кандайдыр бир реакция болгон жок.

«Демек, Каракалпакстандын суверенитетке умтулуусун колдоп жибериши күмөндүү. Коңшу Түркмөнстан үн катканы жок. Калгандары да унчуга элек. Тышкы дүйнөнүн реакциясы билинер-билинбес, бейгам сыяктуу. Албетте, Россиянын, Борбордук Азиянын медиа мейкиндигинде маалымат жарыяланды, бирок расмий баа берилип, позиция айтылганы жок. Эки жагы бөрү тил найзаны төшкө такап туруп сунганга эч кимиси даабайт. Европа деле кайдыгер сымал»,-деп жазды коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

Бир гана Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC) билдирүү жасап, Өзбекстандын бийлигин Нукустун тынчтык жыйындарына чогулуу укугун сыйлоого чакырды.

Геосаясий кырдаал

«Дегеле азыр жикчилдиктен мамлекеттердин баары кооптонуп турат»,-дейт Жыргалбек Касаболот.

90-жылдардын башында Чеченстандын Россиядан бөлүнүү аракетинен далай кан төгүлдү. Украинадагы Луганск менен Донбасстагы жикчил түзүлүштөрдүн аймагындагы курчуган кырдаал акыры согушка алып келди. Тажикстандын чыгышындагы Тоолуу Бадахшандагы оппозициялык кыймылды тажик бийлиги күч менен басты.

Мындай кырдаалда чыр-чатактын дагы бир очогунун пайда болушу эл аралык коомчулукту кооптондурбай койбойт. Экинчиден, жикчилдик аракеттеринин саясий эле эмес, социалдык-экономикалык кесепеттери да болот. Ошондуктан ансыз дагы Украинадагы согуштун кесепети бүтүн глобалдык деңгээлде болуп жатканда, чукул саясий өзгөрүүлөргө, андан келип чыга турган кыйынчылыктарга Борбордук Азия региону да даяр эмес.

Экономикалык каруусу жетеби?

Каракалпакстандын ээлеген аймагынын 80% чөл. Көп тармактуу экономикасы бар, газ-мунай өнөр жайы, сода, карбит, айнек, мрамор, кабель чыгарган заводдору бар. Айыл чарбасында буудай, күрүч, пахта өстүрүшөт. Ошого карабастан бөлүнүп чыккан күндө да өз алдынча түтүн булатып кетиши кыйын болушу мүмкүн. Себеби эң алды кошуна мамлекеттер таанып, алар менен экономикалык алака-катыш, соода болмоюнча, жашап кетиши кыйын. Демек, эгемендик идеясын акылга салып калчап жатканда ар ким муну ойлонбой койбойт.

«Өз алдынча жашаганга даярбы, даяр эмеспи деген суроо бар. Эмненин эсебинен жашайт? Бөлүнгөндөн кийин өз алдынча алака-катыш түзүш керек. Ошол эле Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан менен. Алар ушуга даярбы, кептин баары ушуга барып такалат»,-дейт Жыргалбек Касаболот.

булак:bbc.com/kyrgyz