Домой Аналитика Анклав алардыкы, аба кимдики?

Анклав алардыкы, аба кимдики?

228

Бир апта мурун Өзбекстан Сох анклавында аэропорт курганын жана жакын арада иштей баштаарын маалымдады. Бул азыр пайда болгон жаӊылык деле эмес. Анткени, Кыргызстандын ичинде жайгашкан аймагында аэропорт куруу планы Өзбекстандын президентинин «Сох районун 2020-2021 жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү чаралары жөнүндө” токтомунда белгиленген. Мындай кабар маалым болгондо биздин бийликтин расмий реакциясы негедир байкалбады. Жыл өттү. Анан ушул жылдын февраль айында өзбек тарап аэропорт курарын, 3-4 ай ичинде ишке бере турганын кабарлады. Дагы кулак салбадык. Аэропорт салынды. Биздин суверендүү аймактын ичинде ага таандык району бар коӊшу мамлекеттин аэропорт курганы коомчулукта түрдүү суроолорду эми жаратты.

Дидро айткандай, адегенде терминди тактап алалы. Эл аралык укук боюнча адистер анклавдарды толук, жарым, жээк бою, ири, чакан ж.б. деп классификациялап келишет. Анклав латынча inclavatus, французча enclave – жабык, бекитилген, курчалган деген маанини билдирет. Анклав түшүнүгү алгач 1526-жылы Мадрид келишиминде колдонулган. Бул келишимде Франция өз аймагындагы бир топ жерлеринен ажырап, Испан королдугуна таандык анклавдар деп моюнга алууга мажбур болгон.

Анклав – бир мамлекеттин башка мамлекеттин ичиндеги же бир нече мамлекеттер менен курчалган бөлүгү. Анклав менен катар эксклав термини да колдонулат. Экөө түгөй, тамырлаш түшүнүктөр. Анклав бир мамлекеттин ичиндеги башка өлкөнүн аймагы, ошол өлкө үчүн ал экслав (тыштагы территориясы) болуп эсептелет. Мисалы, Барак аймагы Өзбекстан үчүн кыргыз анклавы, Кыргызстандын коӊшу мамлекеттеги эксклавы. Сох Кыргызстан үчүн өзбек анклавы, Өзбекстан үчүн кыргыз жериндеги эксклав. Анклав ал жайгашкан мамлекеттин чек арасын басып өтүү, кирип-чыгуу, тиричилик кылуу сыяктуу жашоого байланышкан көп маселелерди чечүүнү талап кылат. Анклавдын универсал модели жок. Эл аралык укуктун жоболору жана тажрыйба гана бар. Мындай проблемалар эл аралык укуктун негизинде кызыктар жана тиешелүү өлкөлөр ортосунда макулдашуу аркылуу чечилет.

Эми Сох анклавына кайталы. 60 миӊ чамалуу калк жашаган, 350 чарчы чакырым аянтты ээлеген аймак. Биз анклав деп шарттуу атап алдык, бирок чын-чынында Юридикалык сатусу так аныкталган эмес. Айрым окумуштуулар түзгөн анклавдардын классификациясында мамлекеттин субъектиси эмес, суверенитети чектелген аймак, аймактык-административдик түзүмдүн экинчи же төмөнкү деӊгээлдеги бөлүгү деп аталат https://journals.kantiana.ru/upload/iblock/7a5/%D0%A0%D0%BE%D0%B6%D0%BA%D0%BE%D0%B2-%D0%AE%D1%80%D1%8C%D0%B5%D0%B2%D1%81%D0%BA%D0%B8%D0%B9%20%D0%AE.%20%D0%94._149-161.pdf

Баткен облусундагы бул анклавдан Өзбекстандын аймагынан кирүү үчүн анча узак жолду басуу зарылчылыгы жок, болгону 30 чакырым басуу керек. Эки өлкөнүн ортосунда чек аранын айрым тактала элек маселелеринен улам буга чейин далай ирет чыр-чатактар болуп, анклавды коӊшу мамлекет менен байланыштырган Риштан жолундагы өткөрмө пункттары кээде жабылып турган. Албетте, өз жарандарынын жашоо-тиричилигин, түп мамлекет менен карым-катнашын жеӊилдетүү үчүн аба мейкиндигин пайдалангысы келгени Өзбекстандын бийлиги үчүн, албетте, туура чечим.

Территориалдык суверенитет — бул суверенитеттин түпкүлүктүү принциби, пайдубалы. Ушул территорияга ага ээлик кылган субъекттин укугу артыкчылыктуу, талашсыз жана ага гана таандык. Ал территорияны (жер астын жана жер бетин, сууну, деӊизди, деӊиздин үстүн жана анын түбүн, аба мейкиндигин) пайдалануу ошол территорияга ээлик кылган субъектинин макулдугу менен гана ишке ашат. Бул эл аралык универсал эреже, суверенитеттин ажырагыс көрүнүшү.

Чек ара түшүнүгү кургак жердеги сызык, орнотулган мамы, тикенек зым менен гана чектелбейт. Жер, суу, аба аркылуу кирип-чыгуу, жердин астын жана жер бетин, сууну, абаны пайдалануу, товарлардын жүгүртүлүшү, транзит, жол, электр энергиясы, инженердик системалар, чектеш жердеги кендер, бажы алымдары жана башка толгон маселелер бар. Мисалы, бажы демекчи, Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес, байкоочу, демек бажы, соода алакаларында бөлөк эрежелерди колдонот. Мына ушул саналган маселелерди жөнгө салган мамлекет аралык келишим бар экени, жок экени белгисиз. Балким, бардыр. Бирок эгер бар болсо түшүнбөстүктөр жаралбайт эле балким. Буга чейинки чатактарга негиз жана шылтоо болмок эмес. Демек, эки мамлекет анклавдардын маселесинде эл аралык укуктун жоболоруна негизденип, тажрыйбага таянып, шартка жараша чечип алмагы абзел. Жогруда биз учкай мисал келтирген эл аралык укуктун талабы жана тажрыйбасы ушундай.

Сохтогу аэропорт да түйүндүү маселе. Анткени, аэропорт аркылуу чет мамлекеттин аба кемелери биздин аба мейкиндиги аркылуу учуп-конуп турат. Суверендүү мамлекеттин аба мейкиндигин коӊшу мамлекет пайдаланганы турат. Аэропорттун салынышы, аны пайдалануу шарттары, колдонуу акысы, учуу-конуу жыштыгы, убактысы, учактын тиби (аскерийби же жарандыкпы, жүк ташуучубу, жүргүнчү ташуучубу) сыяктуу маселелер эки тараптуу келишим менен жөнгө салынышы керек. Акысы демекчи, бир кезде Казакстан биздин Кытайга аба каттамдары үчүн оӊбогондой акча алчу. Кийин гана башка маршрут аркылуу уча баштаганбыз. Аба мейкиндиги үчүн акы – кирешенин кошумча булагы, кай бир учурда абдан кирешелүү иш.  Аба мейкиндиги баарыдан мурда коопсуздуктун маанилүү фактору. Демек, бизге тандык аба мейкиндигин пайдалануу шарты, коопсуздук режими жана коопсуздукка көзөмөл, пайдалануу акысы сүйлөшүүлөрдүн предмети жана мамлекеттер ортосунда макулдашуунун объектиси болууга тийиш. Балким, андай келишим бар болсо керек, бирок кеӊири коомчулукка белгисиз болгондуктан күмөн жаралып отурат.

Прецедент деген маселе дароо келип чыгышы ыктымал. Непадам, Тажикстан Ворук аймагына аэропорт курчумун десе, “Өзбекстанга болот экен, бизге неге жарашпайт” деп собол таштаса, анда канттик? Макул дейбизби, макул десек кандай шартта макул болобуз. Макул дебесек не жүйө келтиребиз. Макулдашпай эле, бул биздин аймак, өзүбүз билебиз, барбы ушул эле өзбектер менен андай шартнаамаӊар деп куруп кирсе кантебиз? Же билмексен болуп туруп беребизби. Айтор ушул кездеги, убакыттын өтүшү менен жарала турган болочок суроолор арбын.

Эл аралык дипломатияда паритеттик укук деген жобо бар. Жалпак тил менен айтканда теӊ ата жана бирдей укуктарды, бирдей шарттарды билдирет. Эгерде биз кай бир мамлекеттерге кайсы бир маселеде шарт түзүп, тигил же бул жеӊилдикти, кепилдикти берсек, биздин да дал ошондой маселеде биз берген жеӊилдиктер жана кепилдиктер бизге ыйгарылмагы абзел. Кызматташуунун шарттары бирдей болушу керек. Эгер биз Өзбекстанга кай бир шартта биздин аба мейкиндигин пайдаланууга макул болсок, анда ошого тете нерсени биз да алуубуз керек.

Чек ара маселеси татаал, оор, убакытты жана кылдаттыкты талап кылат. Бул аксиома. Ошол эле учурда биздеги анклавдардын укуктук сатусу, биздин аймак аркылуу адамдардын жана товарлардын кирип-чыгышы, биздин аймакты жана суверендик менчикти пайдалануу шарттары эки тараптуу макулдашууларды, так аныкталган шарттарды камтыган келишим же башка документ менен жөнгө салынып, жол-жоболоштурулушу зарыл. Мындай шартнаама эртеӊки маселелердин, түшүнбөстүктөрдүн келип чыгышынан сактайт. Кызматташууга өбөлгө түзөт. Ансыз чек ара алаканын, соода-сатыктын, кызматташуунун, өнүгүүнүн аймагы эмес, араздашуунун чордону бойдон кала берет, тилекке каршы. Бул тарых нечен ирет тастыктаган чындык. Балким, анклавдардын/эксклавдардын статусу тууралуу мамлекеттер аралык келишим, макулдашуу сымал өзөктүү документ керектир. Мына ушул маселелерди акыл менен абайлап чечүү түйшүгү туру алдыбызда.

                         (Алмаз Кулматов)

булак: bbc.com