over the counter cialis substitute.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандагы алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда анын биртуугандары тууралуу кеп козголду. Мамлекет башчысы ага-инилери бийликке аралашпай турганын билдирди.
Президенттин айтымында, бул маселе ММКда көтөрүлүп келет. «Менин бир туугандарым менден эч качан бийлик сурашпайт. Алардын ар биринин өздөрүн багып кетүүгө жетиштүү жумушу бар. Бир эжем медик, бирөө мугалим, бирөө үй-бүлөсү менен Иранда жашайт», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Сөзүн андан ары улаган өлкө жетекчиси өзүнүн да, иниси, ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун дагы партия түзүү ниети жоктугун баса белгиледи. “КСДП 1995-жылдан бери саясатта жүрөт. 2007-жылдары Алмазбек Атамбаев өкмөттү жетектесе, иним Асылбек ЖК депутаты болчу. Эң кыйын учурларда Асылбек КСДП менен чогуу болду. Андан кийин дагы 2 чакырылыш катары менен ЖК депутаттыгына шайланды. Асылбек Жээнбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоого карата жаңы партия түптөп, катышат деген сөздөр жөн гана ушак. Менин дагы, менин биртуугандарымдын дагы мындай ою жок. Менин бир гана партиям бар, ал – менин элим”, — деген президент иниси Асылбек Жээнбеков анын артынан эч кандай иштерди жүргүзбөй турганын кошумчалады.
«Ага-инилерим менин жумушума аралашкан эмес. Мен алты жылдан кийин элимдин көзүнө уялбай карап, мекенимде жашагым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады мамлекет башчысы.