Домой Саясат Жаңы дайындоолор – татыктуу кадрлар

Жаңы дайындоолор – татыктуу кадрлар

327

                 SAB_6138 (1)

Акыркы бир нече күндүн ичинде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бир нече жаңы кызматтык дайындоолор болду. Алсак, 6-март күнү УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын директорлугуна Сагынбек Исмаилов дайындалды. 55 жаштагы С. Исмаилов буга чейинки өмүр-таржымалында укук коргоо органдарындагы бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн. 1985-жылы СССР ИИМинин Караганды жогорку мектебин аяктаган. Адегенде Адегенде Свердлов РИИБинде оперлик кызматтан ишин баштап, андан ары ошол эле РИИБде, Бишкек ШИИБде жана КР ИИМинде түрдүү оперативдүү кызматтарда эмгектенген. Ал өзүнүн ишиндеги жогорку кесипкөйлүгү үчүн бир катар сыйлыктарга да ээ болгон.

Эң негизгиси, ушул күнгө чейинки таржымалында эч кандай коррупцияга аралашпаганын, тазалыгын жана жогорку кесипкөйлүгүн баса белгилөө кажет.

Андан сырткары КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгына 50 жаштагы Нурсеит Кедеев дайындалды. Ал эми КР президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнү башчысы болуп Данияр Сыдыков президенттин жарлыгы менен дайындалды.

Д. Сыдыков учурда 42 жашта. Ал үч жогорку билимге ээ. Биринчиси, экономика боюнча, экинчиси дипломатия, үчүнчүсү мамлекеттик башкаруу боюнча. Ал дипломатия жаатындагы катардагы кызматкреден тарта улам кызматтык тепкичтер менен көтөрүлүп отуруп, 2016-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине барган. Тышкы саясатты кандай нукта жүргүзүү керек экендиги боюнча тажрыйбасы мол. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Демек, кадрлык жүрүштөр жөн жеринен эле жасалып жаткан жок. Мамлекетибиздин келечеги үчүн, анын өнүгүп-өсүүсү үчүн тажрыйбасы мол жана таза кадрлар кызматтарга келүүдө.

ventolin coupon.