— Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов депутат Канат Исаевдин колу менен төңкөрүш жасоого аракеттенип анысы ашкере болду. Бабанов болсо бул окуяга комментарий берип, мени 65 пайыз шайлоочулар колдой турганын билип ушундай ыкма менен бут тосууда деп чыкты. Чындап эле Бабановдун мүмкүнчүлүгү ушундай жогорубу?
— Эми ар бир талапкердин өзүнүн божомолу бар. Андыктан кайсы саясатчынын бедели канчалык экенин 15-октябрда шайлоочулар аныктайт. Андыктан 65-75 пайыз шайлоочулар бизди колдойт деп айткан туура эмес.
— Бабанов төңкөрүш жасоо аракетин башка нукку буруп, кайра бийликти айыптоодо. Эми анын түштөн кийин актанганына эл ишенеби?
— Бул видео тасмаларды атайын экспертизадан өткөрүү керек. УКМК деле Канат Исаев кармалды, тергөө башталды деп билдирүү таратты. Буга чейин Кыргызстанда төңкөрүш аракети менен 27 адам соттолгон. Эгер Канат Исаевдин кылмыш иши далилденсе 295-берене боюнча соттолот.