Домой Коом Жумакадыр Акенеев: Исаев жоопкерчилик тартышы керек, а Бабанов шайлоодон четтетилиши зарыл

Жумакадыр Акенеев: Исаев жоопкерчилик тартышы керек, а Бабанов шайлоодон четтетилиши зарыл

51

Жумакадыр Акенеев

Депутат Канатбек Исаев өзүнүн жоругу үчүн жоопкерчилик тартышы керек, ал эми президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы жарыштан чыгышы керек. Мына ушундай пикирин эксперт Жумакадыр Акенеев «Исаевге карата кылмыш иши – бул бийликтин жасаганы» деген Бабановдун билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтты.  

Белгилей кетсек, бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн УКМК Исаевди кармаган. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө башаламандык уюштуруу үчүн 1 миллион сом берип атканы тартылып алынган видео пайда болгон.

Акенеевдин айтымында Канатбек Исаев акча берип атканын көрсөткөн конкреттүү факты бар. «Исаев бийлик менен сүйлөшүүгө барып жана ал үчүн өзүнүн өмүрүнүн 20 жылын курмандыкка чала алышы кыйын эле. Себеби ага коюлуп аткан берене түрмөгө камоо мөөнөтүнөн төмөн болбойт. Андыктан Бабановдун «мунун баары бийликтин кылганы» деген билдирүүсү — сандырак кеп. Ал президенттик жарышта утулуп баратканын көрүп турганы үчүн Бабанов мына ушундай акыркы чараларга барууну чечти. Башкача айткнада элди төңкөрүшкө жана улуттар аралык жаңжалга азгырууда. Президенттик кызмат мамлекетибизде кайрадан кан агышына татыбайт», — дейт ал.

Бабанов Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен жолугушуп жана өзбектердин алдында «Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деп сүйлөгөндө өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясында бир катар катачылыктарды кетирди деп эсептейт Акенеев. «Үгүт иштери маалында программасын тааныштырып жана өзүнүн идеяларын айтып, өзүнүн атаандашын дал ушундай күрөштө жеңиши керек. Ал эми мамлекетибиздин жогорку посту үчүн талапкердин уюшкан кылмыштуу топко кайрылуусу эмнени түшүндүрөт, бул жерде айтууга да эч нерсе жок. Демек, бул адамдар кылмыштуу топ менен мамилеси бар адамдар болуп калууда», — дейт Жумакадыр Акенеев.