Домой Саясат Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстага кайтып келди

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстага кайтып келди

65

Москвада дарыланып жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов 5-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди. Белгилүү болгондой, ал мекенине жеңил унаа менен кайтып келген.

Августтун соңунда операция жасалып, дарыгерлер Өмүрбек Бабановго бир канча убакытка чейин самолёт менен учууга тыюу салышкан. Ошондуктан, экс-премьер-министр унаа менен жол жүргөн.

Азырынча, Бабанов өзү жана анын тарапташтары саясатчынын жакынкы пландары тууралуу үн ката элек. Ал учурда Бишкектеги үйундө ден соолугун калыбына келтирүүдө.

Эске салсак, 27-июлда, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын СИЗОсунан ден соолугунун абалына байланыштуу бошотулган. Анткени, чет өлкөдөн дарыланууга тийиш болчу. 10-авугстта Кыргызстандан чыгып кеткен.

Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырып жатканда коррупцияга жол берген деген айыптоо менен ушул жылдын 31-майында камакка алынган. Анын адвокаты соттун чечимине макул эместигин билдирген.