11-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселеси талкууланды. Мамлекет башчысы жыйынды ачып жатып, айрым телеканалдар 2015-жылы болгон парламенттик шайлоону начар өттү деп айтышканын, бирок шайлоонун жыйынтыктарына эл гана чыныгы бааны бере турганын билдирди. Ошого эле улай алдыда өтө турган президенттик шайлоо ачык жана таза болушу керектигин баса белгиледи.
Ал эми вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 8-сентябрга карата биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 3 миллион 105 миңге жеткенин, шайлоочулардын тизмесинде азырынча 2 миллион 935 миң 293 адам бар экенин маалымдады. Анын айтымында шайлоого карата бүгүнкү күндө 5 миңден ашуун автоматтуу түрдө саноочу урналар даярдалган.
«Шайлоого карата республикалык штаб түзүлүп иштеп жатат, эки жолку отурумда шайлоо участкаларын электр энергиясы менен камсыздоо, каржылоо, ошондой эле коопсуздук чаралары боюнча тапшырмалар берилди», — деди Д. Зилалиев. Ошондой эле ал 1-октябрдан тарта бардык облустарда шайлоодо колдонула турган техникалар менен системалар тестирлөөдөн өткөрүлө турганын жана шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоого 9,5 миң милиция кызматкерлери жана 9 миң ыктыярдуулар катыша турганын маалымдады.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоо өтүп аткан күнү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары жазылган документтердин көчүрмөсү ошол замат эле БШКнын сайтына жарыяланып тураарын айтат. Жалпысынан 2375 шайлоо участкасында добуш берүүлөр өткөрүлөт. Шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 671 миллион 502,1 миң сом жумшалат. Анын 538 миллион 830,1 миңи биринчи турга деп каралган. Калганы эгерде экинчи тур болуп калса, сарпталат.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, бул жолу өлкөбүздө шайлоо системасынын техникалык көзөмөл жагын Кыргызстан өз колуна алат. Буга чейин бул милдетти жана укукту долбоорду ишке ашырууга көмөк кылган эл аралык адистер жүргүзүп келген. Бул укукту өз колубузга алуу үчүн атайын 10 кыргызстандык адис окуп келишкен.
Айтор, шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө даярдык жакшы деңгээлде. Андыктан коомчулуктун башын айлантып, ар кандай күбүң-шыбың кептерди чыгарууга негиз жок.