Домой Коом Элитада кан алмашуу процесси башталды

Элитада кан алмашуу процесси башталды

188

cialis 5 mg online italia. 1_53eb3328362f753eb332836335

Эгемендик алган жылдардан бери карай биз саясый айдыңдан, саясый элитадан баягы эле эски жүздөрдү көрүп келдик. Ооба, ара-чолосунда анча-мынча жаңы саясатчылар, жаштар да пайда боло калып жаткансыды. Бирок, алар эски бийликти калчап тургандардын уул-кыздары болуп калып атты. Буга Айдар Акаев, Бермет Акаева, Максим Бакиевдерди мисал кылсак эле жетиштүү го.

Ал эми акыркы 2-3 жылдан бери карай жогорку мамлекеттик кызматтарга чындыгында жаш жана билимдүү кадрларды тартуу башталган. Буга Индира Жолдубаеванын баш прокурорлук кызматка келишин мисал кылсак болот. Ошентип жаштарды бийликке тартуу, элитада кан алмаштыруу процесси акырындык менен уланып отуруп, бүгүнкү күндө анын натыйжасы кашкая көрүндү.

Маселен, өкмөт башына 40 жаштагы Сапар Исаков келди. Буга чейинки басып өткөн жолунда эч кандай коррупцияга аралашпаган, популизмге алдырбаган, өзүнүн дараметин иш жасоо менен гана көрсөтө билген тажрыйбалуу жетекчи. Ал жаш болсо дагы, бул жогорку кызматка мыкты даярдык менен келгени билинип турат.

Аны менен кошо өкмөттүн курамы да бир топ жашарды. Маселен, биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов 41 жашта, Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 44 жашта, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 38 жашта болсо, экономика министри Артем Новиков жана Мамлекеттик каттоо кызматынын директору Дастан Догоев 30 жашта, УКМК тѳрагасы Абдил Сегизбаев 44 жашта болсо, юстиция министри Уран Ахметов 37 жашта. Айтор, бир сөз менен айткнада өкмөттүн курамы бир топ жашарды.

Президенттик аппараттын башчылыгына 36 жаштагы Алмаз Үсөновдун дайындалганы да эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бул кызматты ээлеген эң жаш жетекчи болгонун көрсөтүп турат.

Кыргызда «Жаш келсе ишке» деген жакшы сөз бар. Демек, элитага жаштар келди, эми алар иштин майын чыгара иштешет деген үмүтүбүз чоң. Премьер-министрлик кызматтын эки тизгин, бир чылбырын колго алгандан кийин Сапар Исаков аны кортежин коштоп жүрө турган МАИ кызматкерлеринин машинесинен баш тартты. Эми ал дагы эл катарында эле жол тостурбастан жумушка келип, кайра үйүнө кайтып турат.

СССР аттуу ири держава жаңыдан түзүлүп, анын курамына Кыргыз ССРи болуп кирип калышыбыз – бүгүнкү мамлекеттүүлүгүбүздүн, көз карандысыздыгыбыздын түпкү пайдубалы болуп бергенин тана албайбыз. Дал ошол убакта Кыргызстанды өз алдынча республика катары СССРдин курамына киргизүүгө Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, и. Арабаев сыяктуу кыргыздын чыгаан уулдары эмгек өтөшкөн. Алар ал кезде 30 жаштын гана ары жак, бери жагындагы жаш жигиттер болушкан. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген учкул сөзү жана өз элине жасаган ак кызматы менен түбөлүк эсте калган Исхак Раззаков 35 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагалыгына дайындалып, өлкөбүздүн экономикасында масштабдуу реформаларды ишке ашырган.

Демек, жаштардын бийликке келиши элибиздин тарыхында дайыма жакшы саамалыктар менен коштолгон. Андыктан, чейрек кылымдан бери «Жаштарды бийликке тарталы» деген куру сөздүн бүгүн минтип иш жүзүнө ашып атышы да өлкөбүз үчүн, элибиз үчүн жакшы жышаана болуп туру. Муну элибиз да чын ыкласынан колдоого алышууда.