Домой Коом Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Президенттин экономиканы көтөрүү боюнча ыйгарым укуктары...

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Президенттин экономиканы көтөрүү боюнча ыйгарым укуктары жок, Бабановдун мындай убадаларына ишенбейм”

270

6537

          Президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталды. Ажолукка талапкер Өмүрбек Бабанов программасы менен тааныштырып жатып, экономиканы өнүктүрүү боюнча убада берип, ал үчүн 4 кадам жасай турганын белгиледи. Кыргызстандын азыркы Конституциясында президент экономикалык маселелерге кийлигише албайт, аны өкмөт башчысы колго алат. Ошондо Бабанов жөн эле элди алдап жаткан жокпу?

          Мен мындай убадаларга таптакыр ишенбейм. Жеке өзүм Конституциялык кеңешмеге мүчө болуп, анын иштелип чыгышына аралашкам. Андыктан президенттин экономиканы түздөн-түз көтөрүү боюнча ыйгарым укуктары жок. Эгер Бабанов “мен” деп төш какпай, “партиям аркылуу ушундай реформаларды жасаймын” дегенде ишенсек болот эле.

          Өмүрбек Бабанов Кыргызстанды тездик менен өнүккөн 10 мамлекеттин катарына кошом деп жатат. Буга ишенсек болобу? alli sale.

          Эми буга ким ишенсин? Эгер ал адам укуктарын коргоймун, бардык жарандар тең укукта жашайт, мыйзамдуулук биринчи орунда болот десе эл ишенмек.

          Анда Бабанов жада калса президенттин укуктарын билбейт деп бүтүм чыгарсак болобу?

          Мындай убада берип жаткан адам өзүнүн келечектеги укуктарын толук билбегендик. Же президенттин фуңкцияларын көбөйтүп, өзүм гана башкарам деп ыйгарым укуктарды ашырып жаткандагы аракети катары баалайм.