Домой Аналитика «Жеңиш Молдокматовдун камалышы бийликтин коркоктугу!»

«Жеңиш Молдокматовдун камалышы бийликтин коркоктугу!»

177

Бүгүн сот «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 264-берене менен 2 айга камака алды. Молдокматовго кылмыш ишин козгоого далилдүү бир дагы негиз жок. Сын айткан жарандарды камоо эч бир бийликке аброй алып келген эмес, тескерисинче артка кетүү кадамын ташташты. Биринчи коюлган 245-берене боюнча президентти жандап жүргөн, азыркы маанилүү кызматта отургандар дагы камалып кетүү коркунучу болгондуктан 2 сааттын ичинде 264-беренени токуй калышты. Бүгүнкү бийликтин ички, тышкы саясатынын, кадыр тандоодогу кемчиликтерин, деги эле алган багытынын туура эместигин сындап келген Ж.Молдокматовду камоо менен бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөттү.

6- октябрда элдик революция болдубу же бийликти мыйзамсыз басып алуу болду беле? Бийлик октябрь окуясына кандай макам берди эле? Эгерде мыйзамсыз бийликти басып алуу болсо октябрь окуясына катышкандардын баарын камаш керек. Алар кимдер болушу мүмкүн ? Албетте, бүгүнкү бийликтин курамын толук камаш керек. Ошондо, акыйкат чечим болот. Эгер андай эмес десеңер Ж.Молдокматовдун камалышы туура эмес чечим жана бүгүнкү бийликтин коркоктугу!

«TURAN» саясий партиясынын теңтөрагасы Тилекмат Куренов