Келдибектен күлкү кеп…
Келдибек мырза шайлоо өтүүчү күнү таң эрте туруп жасанып-түзөнүп “добушумду өзүм тандаган партияга берейин”- деп шайлоо участкасына барса жабык, тегерегинде жан жок. “Кудай эми урбадыбы”- деп эшигин такылдатканы барса калдайган кагаз илинип турат: “Урматтуу шайлоочулар, сиздерден алды менен көптөн-көп кечирим сурайбыз. Шайлоо көпчүлүк шайлоочулардын өтүнүчү менен түндө саат кечки 20:00дө башталып, таңкы 5:00дө бүттү. Шайлоону түнкүгө жылдырганыбыз шайлоочулар күндүз күн ысык, тагынганыбыз беткап, колубузда колкап болсо, аралыкты сактап кезекте турсак күндүн нуру тийип көбүбүз майып болуп калабыз го. Силерге баары бир да, шайлоо күндүз өтөбү, түнкүсүн өтөбү иши кылып өтсө болду да. Түнкү шайлоо аябай уюшкандыкта өттү. Жалпы шайлоочулардын 100 пайызы катышты. Түнкү шайлоого катышкандарга айдын нуру өзгөчө тийип, шайлоочулар нурданган жүздөрү менен шатыра-шатман үйлөрүнө тарап жатышты. Шайлоого толук катышып добушуңарды бергениңерге шайлоокомдун атынан ырахмат айтабыз”.
Келдибек байке окуп алып далдырап туруп: шайлоого шайлоочулар 100% катышса мен үчүн кайсы колуң сынгыр добуш берди экен, оо шайлооӊду ис-кей-ииин деп үйүнө кеткен экен.
Булак: Багыт гезити