Домой Аналитика Атыр Абдрахматова: “БШК партияларга күнөөнү жүктөп, өздөрүн куткаруу аракетин көрүүдө”

Атыр Абдрахматова: “БШК партияларга күнөөнү жүктөп, өздөрүн куткаруу аракетин көрүүдө”

166

“БШК жоопкерчилик маселеси каралгандай кийин, партиялар кылды деп өздөрүн куткаруу аракетин көрүүдө”. Мындай пикирин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова “Элдик Медиа” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында БШК шайлоо өткөнгө чейин, алдын ала чараларды көрүшү кажет болчу.

“Ош, Токмок жана Кара-Кол шаары боюнча шайлоо, туура мыйзам чегинде уюштурулган эмес. Шайлоочулардын тизмесине алдын ала, мыйзам бузуулар менен кирген адамдар чыгарылган эмес. Шайлоо маалында шайлоочулардын тизмесинин тактыгына БШК жооп берет. Андыктан ошол шайлоочулардын тизмеси менен иштөө болгон эмес. Бул жерде БШК шайлоону уюштуруучу орган катары эч нерсе кылбагандан кийин, бардык ошол саясий партияларга белги берилген, демек мыйзамды бузуп шайлоо өткөрө берсеңер болот деген. Эми элдик нааразычылыктын  аркасы менен, өздөрүн куткарыш аракетин көрүүдө. 

Ошол мыйзам бузууларга ким алып барды, ким шарт түздү? Мен шайлоого чейин  “Фейсбукка” жазган болчумун БШК карап койгула, мыйзам бузуулар болуп жатат… Бул жерде алдын алуу иштери болгон эмес. Буга чейин мыйзам бузууларды көрбөй туруп, бардыгы ушундай чаң-тополоң, ызы-чуу менен бүткөндөн кийин, жоопкерчилик маселеси жаралды. Бирок БШК жоопкерчиик маселеси каралгандай кийин, муну биз кылган жокпуз, партиялар кылды деп өздөрүн куткаруу аркетин көрүүдө. Чынында шайлоо мыйзамсыз өттү”, -деп билдирди ал.

Эскерте кетсек,  борбордук шайлоо комиссиясы учурда үч шаардын шайлоосунун жыйынтыгын жокко чыгарды. Алар Ош, Бишкек жана Токмок шаарлары.