Домой Коом Мамлекеттик тилдин мааниси

Мамлекеттик тилдин мааниси

1304

23-сентябрь-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү

Кыргыз тили мамлекеттик тил деген макамга ээ болгонуна быйыл 31 жыл толот. Мына ушул аралыкта кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер жасалды десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндө тилге болгон саясат жакшы жолго коюлуп аны ар тараптан өркүндөтүүгө (өнүгүшүнө) шарттар түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө кыргыз тили мамлекеттик тил катары мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнөн тартып кызмат көрсөтүү, тейлөө тармактарына чейин камтууга жетишти. Азыркы күндө коомдук телерадио берүүлөрдүн жарымынан көбү кыргыз тилинде берилет. Көчөлөрдөгү көрнөктөр-жарнамалар мамлекеттик тилде жол-жоболоштурулуп, зарыл учурда расмий тилде коштолуп жазылып, республиканын аймагы боюнча жол белгилери да толугу менен кыргыз тилинде жазылып оңдолууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардын этикеткалары, нускамалары жана өлкөбүзгө кирген товарлардын этикеткалары менен нускамалары Жарнама жөнүндө мыйзамдын талабына ылайык келтирилди. Мындан тышкары Бишкек шаарындагы чоң соода борборлорундагы ички, тышкы жарнамалар, маалыматтар жана коомдук транспорттордун каттам даректери, маалыматтары мыйзам талабына ылайык жоболоштурулууда.
Кыргыз тилин үйрөнөм деген жарандарга бардык шарттар жетиштүү. Атап айтсак буга чейин тил үйрөнүүдө колдоно турган сөздүктөр, окуу куралдары ж.б. каражаттар жетишсиз деген дайыма айтылып келген шылтоо бүгүнкү күндө суу кечпейт. Анткени аталган окуу куралдары, сөздүктөр, аудио-видео материалдар жетиштүү көлөмдө чыгарылып мекеме-уюмдарга таркатылып, бул иш дагы да улантылууда.
Бүгүнкү күндө кыргыз тили мамлекеттик тил катары коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө колдонулуп, кайсы бир деңгээлде өз милдетин аткарып калды. Кыргыз тилин үйрөнөм деген жарандарга азыркы күндө бардык шарттар бар, болгону каалоо гана керек. Буга тоскоолдук кылып жаткан жагдай коомдук зарылчылыктын жоктугу болуп жатканын айтып койгонубуз туура. Себеби көнүп калган адатыбызды таштай албай күнүмдүк турмушубузда, асыресе, кызмат көрсөтүү, калкты тейлөө чөйрөсүндө, маалымат айдыңында орус тилин колдонуп жатканыбызды танууга болбойт. Бул көрүнүш орус тилинин коомубузда улуттар аралык карым-катнаштын тили катары кызмат өтөп жатканын айгинелеп турат. Анткени, өлкөбүздө жашаган 80ден ашык улуттун өкүлдөрү бири-бири менен дал ушул орус тили аркылуу баарлашат. Мындай көрүнүш жалгыз эле бизде эле эмес мурдагы постсоветтик республикалардын баардыгында болуп жаткан көрүнүш. Кыргыз тили Кыргызстанда улуттар аралык карым катнаштын тили катары кызмат кылуу үчүн бир далай убакыт керек. Ал үчүн биз өзүбүздөн башташыбыз керек. Себеби күнүмдүк турмушубузда башка улуттун өкүлдөрүнө билсек да, билбесек да чала-була тамтаңдап орус тилинде кайрылып, орус тилинде баарлашабыз. Мындай көрүнүш орун алгандыгын өлкөбүзгө убактылуу иштөө үчүн келген чет элдик жарандардын айткандары да далилдеп турат. Мисалы түрк жарандары адеп келгенде кыргыз тилин үйрөнүүгө басым жасашат да, кийин акы төлөп орус тилин үйрөнө башташат. Эмнеге десең көчөдө же базарда болобу баардык жерде кыргыздарга кыргызча сүйлөсөң кайра сага орусча жооп берет экен. Ошондуктан Кыргызстанда орус тилин билсең жетиштүү деп жыйынтык чыгарганына көп ирет күбө болдук.
Ырас, орус тилин жашоо-турмушубуздан такыр эле чийип салбастан, аны билип, үйрөнүп колдоно билүүбүздүн зыяны жок. Болгону өз эне тилибизди чанбастан, унутпастан башка тилди үйрөнүү керек. Азыркы күндө чет тилдерин суудай билген, анын аркасынан илимий-техникалык прогресске батыл аралашып жигердүү иштеп жаткан жаштарыбыз арбыды. Ошону менен алар өз эне тилин баалап, бапестеп аны турмушунда унутпастан колдоно билүүсү зарыл. «Тил бир улуттун күзгүсү. Бул күзгүгө караганыбызда ал жерден өзүбүздүн чыныгы жүзүбүздүн чагылышын көрөбүз» (Шиллер) деп айткандай улуттук жүзүбүздү таза сактап калсак деген эле тилек. Кимибиз кайсы жерде жүрбөйлү, кандай абалда турбайлы тилдин тазалыгын сактасак бөтөн элдин өкүлдөрүнө улуттук жүзүбүздү көргөзө алабыз.
Бүгүнкү ааламдашуу шартында бир эле эне тилин билүү жетишсиз, орусча, англисче же башка дагы чет тилди билүү, сүйлөө негизги өзгөчөлүк эмес. Маданияттуу жана билимдүү болуунун да бир критерийи эмес. Ал болгону зарылдык. Эне тили менен кошо башка тилдерди жана компьютерди билгенде гана иш табууда атаандаштыкка жөндөмдүү болорун жаштар жакшы түшүнүп калышты. Бул бизге окшогон кичинекей өлкөнүн атуулдары үчүн талашсыз бир шарт.
Дүйнөдө калкынын саны ондогон миллионду түзүп, бирок өзүнчө мамлекети жок, бөтөн элдин курамында туруп, ошол элдин тили мамлекеттик тил катары иш жүргүзүп, эне тили четке сүрүлүп калган элдер ондоп саналат. Алардын катарына күрт, уйгур элдерин мисалга алсак эле жетиштүү болот. Ошондуктан аймагыбыз, элибиздин саны чакан болсо да өз алдынча эгемен мамлекет болуп, тилибиз мамлекеттик тил деген макамга ээ болуп турганына сыймыктануу менен бул дөөлөттөрүбүздү сактап калууга жан үрөп аракет кылуу ар бирибиздин атуулдук парзыбыз.

КР Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын
башкы адиси Н.Байчекиров

Булак: Багыт гезити