Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушул жылы күзүндө өтөт. Бул маалыматты президент Садыр Жапаров «Казинформ» басылмасындагы маегинде айтты.
Буга чейин С.Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо 2021-жылдын июнуна чейин өтө турганын айткан болчу.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.









