Тарс эткен тамаша
Адаттагыдай эле келинчегим экөөбүздүн бул жолку чатагыбыз да саясатка байланыштуу болду. Дегеним, шайлоонун шайтан оюндарынын кесепетинен аз жерден экөөбүз эки ажырым жолго түшүп кала жаздадык. Алгач биз парламентке аттанган партиялардын үгүт иштерин талкуулай баштаганбыз. Ошондо ага жаккан партияны мактабай койсом, мага кыжыры келип:
—Сыймыкка окшоп дайыны жок чырылдабачы!-деди намысыма тийип.
Бул сөздү укканда ачуум келип карманалбай:
—Адахан акеӊдей дагы адыраӊдай турган болсоӊ, азыр менден бирди көрөсүӊ!-дедим итиреӊдеп.
—Анте турган болсоӊ сага каршы “Чоӊ казатка” аттанабыз-деп ачык коркутууга өттү.
—Кимдер менен?-деп бир аз жоошуй түшүп жооп күтсөм кабагын бүркөп:
—Биздин үй-бүлөгө кийлигишип жеке турмушубузга “реформа” жасай турган төркүндөрүм менен-деп баса белгиледи.
Саясаттын кесепетинен андан ажырап кала турганымды ойлогонумда эсим чыгып ичимден Кудайга бир сыйра жалынып жибердим. Келинчегим ошол замат кайнежеме иштин жайын түшүндүргөндө, ал киши үнүн катуу чыгарып:
—Биз даярбыз! Сенчи?-десе болобу тим эле “Бир болдун” мүчөсүнөн бетер.
—Ооба!-деди келинчегим дегеле өзүн “Мекеним Кыргызстандын” өкүлү катары сезгенсип.
Мындай учурда адамдын башына ар кандай ойлор келе баштайт экен. Андыктан атама телефон чалып кеӊеш сурасам, ал мага бир аз дем-күч берип:
—Ата Мекениӊди сакта, үйүӊдү таштап качпа!”-деди үнү каргылданып.
—Ата журтуӊдун аброюна шек келтирип, кайындарыӊа баш ийип калбай “Мекенчил бол!”-деген апамдын үнү жаӊырды ары жактан.
Атамдын “Ата Мекениӊди” деген сөзүн мен “үй-бүлөӊдү” деп эле түшүндүм.
Ошону менен терезеден көчө тарапты карап турсам үйдүн жанына эки жеӊил машина келип токтоду. Кайнагам баш болгон аял-эркеги аралаш жети кишини көргөндө келмем оозума келип жанталашып аймактык инспекторго телефон чалып жардам сурасам, эч кенебей “Жетинин бири кыдыр, замандаш! Кыжалат болбоӊуз, баары жакшы болот» — деп трубканы басып таштады. Көрсө, тиги инспектор туура эле баамдаган экен… Үйгө келген жетөөнүн арасындагы беш маал намазын үзбөй окуган, жүзүнөн дайыма “ыйман нуру” төгүлгөн кайнагам уруш-талашы жок эле биздин маселени тынчтык жолу менен чечип койгондо ага абдан ыраазы болдум. Абдан…
Нуркемел ИСАЕВ
Булак: Багыт гезити