Домой Коом Шайлоо-2020: «Республика»: Мамлекеттик кызматтарды телефондун көлөмүнө чейин кыскартабыз!

Шайлоо-2020: «Республика»: Мамлекеттик кызматтарды телефондун көлөмүнө чейин кыскартабыз!

381

Кыргызстандын социалдык секторун өнүктүрүү убактысы келди. Кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосун өркүндөткөнгө «Республика» партиясынын мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу «Респулика» партиясынын шайлоо программасын сунуштоо аземинде депутаттыкка талапкер Дайан Белек айтып берди.

Мамлекеттик кызматтарды телефондун көлөмүнө чейин кыскартуу – калкты тейлөө борборлорунун ишин оптималдаштырган приоритетту маселеси, анткени ал бүгүнкү күндө таш бака сыяктуу дүйнөдөгү маалыматтык технологиялардын ылдамдыгына туура келбейт.

«Биз 2012-жылы мамлекеттик кызматтарды кыскартып, калкты тейлөө борборлорун түздүк. Ошентип, ар кандай имараттарга баруунун кажети жок. Эми биз бардык керексиз кагаздарды жана кыймылдарды кыскартабыз! Ал эми алып салууга же аутсорсингге берүүгө болбой турган нерсенин бардыгын телефонуңузга жайгаштырабыз!», — деди Дайан Белек.

Бул «Республиканын» мамлекеттик органдардагы бюрократияга каршы күрөшүнүн логикалык уландысы болот. Партиянын жаңы программасында басылып чыккан документтерден биротоло арылууну сунуштайт — бул Кыргызстанды акыркы технологияларга алып келет, бардык сертификаттар мамлекеттик органдардын онлайн тутумунда болот, бир дагы документ жоголбойт.

«Бардыгын блокчейнге өткөрүп беребиз! Айдоочулук күбөлүгү паспорттун ичинде болот – аны үйүңүздөргө жеткирип беребиз! Эгер кайсы бир орган сиз жөнүндө маалымат алгысы келсе, анда ал сиздин уруксатыңыз менен гана алат! Баардыгы телефон аркылуу болот”, — деди Дайан Белек.

Системаны Эстониянын мисалында куруу сунушталууда. Ал жакта мамлекеттик органдарга жарандардын өзүлөрүнө тиешелүү күбөлүктөрдү алууга же бербөөгө тыюу салынат. Тескерисинче, жашаган жеринен алынган маалым кат болсо дагы — жарандар жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу процессин көзөмөлдөшөт. Бул кызматтар акысыз болот.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

 

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.