Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо «Биримдик» партиясынан чыккан талапкер Талас Бегалиев өзүнүн кичи мекени Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатат. Өз сөзүндө, партиянын башкы максаттарынын бири — демократиялык социализм экендигин жана ал социалдык теңчиликке жетүү жолу экендигин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө көк-бөрү оюнун өнүктүрүүдөгү максаттарын баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: «Биз Кыргызстандын көк-бөрү командаларын бириктирип, аларды өркүндөтүшүбүз керек. Дүйнөлүк аренада өз өлкөсүнүн намысын татыктуу коргой турган Кыргызстандын күчтүү, эрктүү жигиттерин чогултууну пландап жатам. Кудай буюрса, биздин жеңиштерибизге күбө болосуздар».
Муну менен катар, ал кыргызстандыктарды аймактарга бөлүнбөө керектигин белгилеп, Кыргызстандагы бардык командаларды ынтымакка, биримдикке бириктирем деген пландарым бар деди.
Бегалиев мекендештеринин көйгөйлөрүн чечүү моюунундагы милдети экенин айтып, жакырчылыкты жоюу багытында жүргүзө турган иш-максаттары менен бөлүшту. Аймактагы билим берүү мекемелеринин, бала бакчалардын жана башка социалдык көйгөйлөр курч бойдон калып жатканына токтолду.
VII чакырыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна «Биримдик» партиясынан аттанып жаткан талапкер Талас Бегалиевдин шайлоочулар менен жолугушуусу дагы уланат.
Талас Бегалиев — самбо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, көк-бөрү боюнча Президенттин Кубогунун үч жолку ээси, Талас облусунун көк бөрү федерациясынын башчысы.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.