Японияда акылдуу бет кап чыгарылды. Ал сүйлөгөн адамдын сөзүн үндүү которуп берет. Аталган «котормочу» пластиктен жасалып, кадимки эле кездемеден тигилген беткапка бекитилет. C-FACE гаджети смартфондогу жүктөмөгө 10 метр аралыкта кошулат. Аталган гаджет сүйлөгөн сөздү биринчи текстке которот, андан кийин текстти бир нече тилге которуп, үн менен коштой алат. Бул азыркы пандемия учурунда аралыкты сактоо үчүн коомго актуалдуу болуп турган чагы.
Компаниянын башкы директору Тайсукэ Ононун айтымында, акыркы убакта баары аралыкты сактоого мажбур. Мисалы чоң дүкөндөрдө кезекке турганда аралыктан үн жакшы угулбай калат эмеспи, ошол учурда аталган гаджет абдан ыңгайлуу. өндүрүүчүлөрдүн айтымында, бул гадетти мындан 2 жыл мурун эле чыгарууну ойлонушкан. Учурда акылдуу беткаптын баасы 40 доллар.