Домой Коом Сарыбагыш уруусунун аксакалдары: Кыргыз элибиздин эркиндикте жашоосун каалайбыз!

Сарыбагыш уруусунун аксакалдары: Кыргыз элибиздин эркиндикте жашоосун каалайбыз!

736

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн отуз жылдык мааракеси менен куттуктайбыз! Эгемен мамлекетибиздин келечеги кең болсун! Элибиздин дайыма тынчтыкта, жетишкендикте, эркиндикте жашоосун каалайбыз!

Отуз жылда көптөгөн жетишкендиктер болду, кемчиликтер да коштоп келди. Чайкалдык, бирок төгүлбөдүк. Алдыда дагы чоң ашуулар, кыйынчылыктар турат. Ал сыноодон ийгиликтүү өтүү сиздин мезгилге туш келди.

Сиз Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып, сүйлөгөн сөзүңүздө: «Ырыс алды ынтымак» дейт элибизде, мен өлкөдөгү баардык саясий күчтөрдү, каршылаштарымды, улуттук азчылык жана диний конфессиялардын өкүлдөрүн ушул улуу мүдөөнү аткарууда тилектеш болууга чакырам» деп айттыңыз эле. Убакыт көрсөткөндөй, сиз айткан сөзүңүздө туруп, кыргыз элин бириктирип жатасыз. Мисалы, Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Аскар Акаевдин мекенине келишине жол ачып бердиңиз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиздин айкөлдүгүңүзгө сарыбагыш уруусунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз! Сизге эгемен өлкөбүздө өнүктүрүүдө кажыбас кайрат, албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

Сарыбагыш уруусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Бекболот Кошоев, Ордо кеңешинин төрагасы Шамшыбек Медетбеков.