Домой Коом Кыргызстанда адам укуктары сакталбайт, сөз эркиндиги жок

Кыргызстанда адам укуктары сакталбайт, сөз эркиндиги жок

52

Мен Макеналиев Нарынбек Кыргыз Республикасынын жаранымын, 30 жылдан бери өлкө башчыларынан саясий, экономикалык жана гуманитардык стабилдүүлүктү күтүп келем. Кыргызстандын тунгуч президентинен баштап, азыркы Садыр Жапаровго чейинки президенттердин баары элге мыкты жашоону убадалап келгени менен эч нерсе өзгөргөн жок. Менин Садыр Жапаровдон чоң үмүтүм бар эле, бирок ал бийликке келгенде өлкө алдыга жылбай эле 30 жыл артка кетти. Анын бийлигин сындоого көп учурлар жана себептер бар, бирок мен алардын кээ бирине гана токтолууну туура көрдүм. Конституцияны өзгөртүшү жана кабыл алышы, сөз эркиндиги, саясий кугунтуктоолор жана коррупция.

Жаңы Конституцияны өзгөртүү жана кабыл алуу

Буга чейинки бардык президенттер өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизип келишкен, Жапаров деле ошол жол менен кетти. Жаңыланган Конституция боюнча эми президент өкмөт мүчөлөрүн, мамлекеттик комитеттердин мүчөлөрүн, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин өзү шайлап жана иштен ала алат. Ал эле эмес, президент мыйзам долбоорлоруна кол коюп бекитип гана калбастан, мыйзам долбоорлорду сунуштай алат. Ошону менен бийликтин баары президент жана өкмөттүн колунда болот. Конституцияга кирген жаңы өзгөртүүлөр авторитаризмге гана алып келет. Тарыхый жактан алганда, бийликтин концентрациясы бир саясатчынын колунда болгону коррупцияга гана жол ачып, кландык башкарууга жана жыйынтыгы төңкөрүшкө гана алып келгенин билебиз. Кыргызстанда президенттик башкаруу суперпрезиденттик башкарууга айланып кетет. Мурунку каталарды кайталоо менен Кыргызстанда дагы төңкөрүшкө жол ачылаары белгилүү. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бийликке гана ыңгайлуу кылып, адам укуктарынын нормаларын жана саясий тең салмактуулукту бузду десем болот. Андан сырткары жаңы Конституцияда тынчтык чогулуштарын, жыйындарын өткөрүүгө жана өз оюн кеңири айтууга адам укуктары чектелген.

Сөз эркиндиги

Садыр Жапаров бийликке келип “Сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоо – биздин эң башкы милдетибиз” – деген. Бирок, акыркы убактарда журналисттер, активисттер жана блогерлер камалып кетишти. Аларга кылмыш иши козголуп, менчик жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга аракеттер көрүлдү. Андан сырткары “ЖМК” боюнча жаңы мыйзам долбоору каралды. Жапаров – ким ага бийликте калууга жардам берсе, ошонун ырын ырдаганга даяр турган эле көшөгө артындагы жигит. Ал өзүнүн имиджин мамлекеттин ресурстарын улутташтыруу, чек араны тактоо жана бир канча популисттик идеялар менен түзгөн. Сыягы, бир учурларда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин айланасындагы кезектеги популисттик идеясы ага пайдалуудай көрүндү. Ошондуктан ал буларды айтты. Бирок, менимче Жапаров да, Ташиев да Кыргызстандын контекстинде адам укуктары жана сөз эркиндигинин канчалык маанилүү экенин билишпейт. Чындыгында сөз эркиндиги аларды азыркы башкарып жаткан бийлигине алып келгенин анчейин баалап жана биле беришпейт окшойт.

Саясий куугунтуктоолор

Өлкө башчысы Кыргызстанда мындан ары саясий куугунтуктоолор болбойт, — деген. Мындай убаданы Камчыбек Ташиев да берген эле. “Биз бийликте турганда саясий куугунтуктоолор эч качан болбойт. Ар бир саясатчы жана ар бир адам мыйзам чегинде өз оюн кенен айта алат” – деген Камчыбек Ташиев. Чындыгында: мындай убадалардан бир нече айдан кийин бийлик Кыргызстанда саясий туткундар жок экенин, болгону жөн гана кылмыш иштери үчүн жоопкерчиликке тартылгандар бар.  Андайлардын саны көбөйүп жатканын айтты.

Коррупция

Садыр Жапаров досу жана тарапташы Камчыбек Ташиев сыяктуу эле бир эмес көп жолу коррупция менен күрөшүп жатканын айткан. “Биз коррупциялык иштерге бөгөт коебуз. Мындай иштерди мыйзам чегинде гана чечебиз. Эгер кайсы бир коррупционер кармалса, мамлекетке көбүн алабыз. Мурда коррупционерлер сотторго, аларды эркиндикке чыгаргандарга дагы миллиондорду берип келген болсо, мындан ары андай болбойт” – деп алар сөз беришкен. Бирок, реалдуулукта коррупционерлер сонун эле күн көрүп жатышат. Мамлекеттин эң башкы коррупционери Райымбек Матаримов 260 миң сом менен эле эркиндикке чыкты. Ошону менен ал бажыдагы коррупциялык схема менен бюджетке келтирген чыгымын төлөдү деп түшүнүүгө болот.

Жалпылап айтканда Камчыбек Ташиев “Кустуризация” саясатын алып барып жатат. Кайсы бир айыпталуучулар эркиндикке чыгуу үчүн мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берип жатат десек болот. Бирок, бюджетти толтуруунун мындай методу канчалык мыйзамдуу жана эффективдүү ал башка суроо…

Кыргызстанда 2020-2021-жылдардагы болуп жаткан ушул окуялар мени абдан тынчсыздандырууда. Себеби, саясий, экономикалык туруктуулугу жок өлкөнүн келечеги бүдөмүк. Балдарым мындай адам укуктары чектелүү, сөз эркиндигине кысым болгон өлкөдө эмес, адам укуктарын урматтаган, мыйзам өкүм сүргөн өлкөдө жашаса дейм.