Кумтөр алтын кенинин улутташтырылышы, эл аралык аферист Борис Бриштейнди Кыргызстанга ким алып келгендиги, туңгуч премьер-министр Насирдин Исановдун табышмактуу өлүмү жана Тенгиз Бөлтүрүк тууралуу Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери, “Кумтөрдөгү “Алтын” мафия” жана “Кумтөр” – акталбаган үмүттөр” китептеринин автору Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич менен маек.
— Кубанычбек Сатиндиевич, Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук өткөрүлүшү боюнча талаш-тартыштарга дале чекит коюла элек. Бийлик тарап “Биз уттук…”, — десе, айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар “Утулдук…”,- дешүүдө. Сиз Кумтөр тууралуу иликтөө жүргүзүп, көлөмдүү китеп жазган адис жана жогорку кызматтарда иштеген жетекчи катары оюңуз кандай? Деги Кумтөрдү алуу менен Кыргызстан уттубу же утулдубу?
— Негизи Кумтөрдү алып Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлде, улуттук негизде утту. Намыс жагынан да уттук. Кумтөрдөн бюджетке түшүп жаткан каражаттын көлөмү жагынан биз албетте, уттук. Менимче, канадалыктар улам соттошуудан тажады окшойт.
Бирок, биз утканыбыз менен капитализациядан куру калдык. Тилекке каршы, өкмөт начар менеджер экен. Себеби 1992-жылдан баштап 2009-жылга чейин 77 млн 401 миң 768 даана акциябыз туруп, болгону 10 млн. доллар дивиденд алганбыз. 2009-жылкы келишимди көптөр сындап келишет. Эми болсо Садыр Жапаровдун кеч болсо да Кумтөрдү алганы мактанарлык иш болду. Ошон үчүн Кумтөр алтын кени мындан ары да иштеши керек. Биз алтыны жок да жашап келгенбиз, жашап да кетебиз. Бирок, баштаган ишти орто жолдо таштап салуу жаман адат. Казылгандан кийин тоонун ортосунда азыр олчойгон аңгек жана хвостохранилище пайда болду. Ал жарылып агып кетсе, бүтүндөй элге, экологияга зыянын тийгизет. Ошондуктан, муну мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына жараша мыйзам чегинде гана иштетүү керек.
Ошондой эле, Кумтөрдөн чет элдик жетекчилер кетип, өзүбүздүн жарандардан жетекчи болду. Мурда 43 пайыз кыргызстандыктар иштеп келген. Азыр болсо 97% кыргызстандыктар иштеп жатат. Ал убакта алар менен бирдей жумуш аткарган чет элдиктер 10 эсе көп айлык алып турган. Дүйнөдө алтын казып туруп, чыгым менен иштеген өлкө жок. Кыргызстан ошол кейипти кийип калган. Бул алдамчылык да.
Ошол эле учурда, утулган жагыбыз да бар. Кумтөрдө чет мамлекеттеги акциялардан кол жуудук. Кумтөрдүн эсебинен чет өлкөдөн сатып алынган кендер бар болчу. Россиянын Тыва Республикасында, Түркияда, Канаданын өзүндө дагы 2019-жылдары сатылып алынган кен бар. Аны Кумтөрдөн 6 эсе көп акча төлөп сатып алган. Азыр ошол жерде алтын өндүрүлүп жатат.
Ал эми оппозициянын бир эле багытта утулдук дегени туура эмес. Муну саясий-экономикалык жактан, экологиялык, социалдык жактан карап, түшүнүү керек. Азыркы оппозициядагы саясатчылардан да бир нерсени билип-билбей сүйлөп жатканы көп. Оппозициялык маанайдагы жарандар сын-пикир айтып гана тим болбостон, өздөрүнүн сунуштарын да билдириши керек. Бирок, ар бир бийлик оппозицияны өзү табат. Албетте, өлкөбүздө ар кандай көз караштагы пикилер болушу зарыл. Ошол эле учурда бийликке каршы айтылган кайчы пикирлер дагы фактылар менен айтылыш керек.
Кумтөр бул — кыргыздын багына жаралган кен
Бул кен Кыргызстандын келечегин түптөй турган багыт болуп саналат. Бирок ушул күнгө чейин бизде улуттук концепция жок. Мамлекеттин, өкмөттүн тоо кен тармагын өздөштүрүү боюнча көңүл жылытарлык программасы көрүнбөйт. Буга чейинки президенттер Кыргызстанда Менделеевдин таблицасындагы бардык элементтер бар деп айтып келишкен. Бирок, аны кандай өздөштүрүү керек, мына ушул багытта улуттук программа түзүлө элек.
Бизде атомдук эмес, табигый электр энергиясын өндүрүш керек. “Эл башы болгончо, суу башы бол” дейт кыргызда. Дүйнө жүзүндө суунун баасы азыр өсүп жатат. Мисалы, Германияда АЗСте 1 литр суу 1 литр бензинден кымбат турат. Бизде тоо-кен тармагын өздөштүрүү үчүн баасы 3 миллион доллар лицензияны өздөрүнүн чөнтөгүнө салып, 300 сомдон сатып келишкен. Кумтөр дүйнөдөгү ири кендердин арасында 7-орунду ээлейт. Кумтөр алгач Советтер Союзу маалында табылып, 1987-89-жылдары изилдөө-аныктоо иштери жыйынтыкталган. Кумтөрдүн жалпы алтын кору 716 тонна деп белгиленген. Бирок анын “Борбордук”, “Сары-Төр” жана “Түштүк-Батыш” бөлүгү болуп 10070 гектар жер аянтынын ичинде.
Ал эми Кумтөрдүн тарыхына келсек, Аскар Акаевдин маалында иш башталган. Акаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду уккан. Анткени, Айтматов Акаевдин президент болушуна чоң салым кошкон. Легендарлуу парламентте Кыргызстандын туңгуч президенттигине Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Жумгалбек Аманбаевдер ж.б.лар ат салышкан. Алар президентикке өтпөй жатканда, Чыңгыз Төрөкулович Москвага чалып, Акаевдин талапкерлигин сунуштап, ал президент болуп шайланган. Кийин баласы Санжар (Санжар Айтматов) өз кызыкчылыгын көздөп, Бриштейн (Борис Бриштейн) мырзаны алып келүүнү сунуштап, Акаев ага макул болуп, ага кол тийбестик, Ак үйдүн 7-кабатынан иш бөлмө, мамлекеттик кеңешчи деген статус берип, ал тургай өзүнүн жеке учагы менен учуп турган. Ошентип, Акаев ага тонналаган алтынды эч кандай уруксат кагаздарысыз эле жүктөтүп берип турган. Ошондон кийин элдин ырыскысына жаралган кен таламайга калып, Кумтөрдү эл аралык мафия ээлеп алган. Ал кезде А. Акаев СССРдин Жогорку Кеңешине депутат болуп, Москвада иштеп турган.
Көп жылдык иштерден улам, Кумтөрдүн айланасындагы чуулардан менин эсебим боюнча 66 адам каза болду. 129 жаран 1-2-топтогу майып болду. Алардын арасында жүрөгү ооруп, ууланып, кырсыктап, техникалык коопсуздукту сактабай каза болду. Болбосо ал жакка жумушка орношордо медициналык жактан сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтөт.
Акаев менен Бирштейин Кумтөрдү “оомийн” кылган
Кумтөрдүн маселесинде Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин өзүнүн мыйзамдары иштеши керек болчу. Тилекке каршы Камеко деген пайда болгон. Ал ошол Сиябеконун эле бир түрү эле. Аны дүйнөлүк деңгээлдеги уран казган компания, анын негиздөөчүсү ошол эле Бирштейн түзгөн. Ал атайын Акаев менен дос боло калып, Кыргызстанга Камекону алып келген. Ошондой эле, ал убагында президентке, эки спикерге (мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк палатасы), премьер-министрге “Вольво” деген унааларды алып келип, кароолчуларга курал алып берген. Ошентип, Акаев менен Бирштейин Кумтөрдү “оомийн” кылган. Кезинде, Акаев Кумтөрдү азыркы коронавирус сыяктуу ооруга айлантып, ал башка да кендерге терс таасирин берген. Мунун баары бизде тоо-кен тармагын иштетүү боюча улуттук идеологиянын, концепциянын жоктугунан болгон. Кумтөрдөгү алтынды өзүбүз өндүрсөк жакшы болмок. Себеби биздин кендерди башка мамлекеттер иштетип, мындайча айтканда алар “каймагын” калпып алып, биз “көк сүтү” менен калып калдык.
Чындыгында Кумтөрдөн ошол учурда жылына орто эсеп менен 18 тоннадан алтын өндүрүлүп турчу. Бирок, биздикилер дүйнөлүк практиканы колдонбой, цианидди жана жардыруу жолу менен алтын алып келген.
Кубанычбек Исабековдун “Кумтөр – акталбаган үмүттөр” аталышындагы китебинде: “Бирштейн Кыргызстанга келгенден кийин Чыңгыз Айтматов жана баласы Санжар Айтматов аркылуу Акаевдин «тилин» тез эле таап алган. Себеби, Президент Акаев өзүнүн 1991-жылдын октябрь айындагы Указы менен «Кыргызстан-Сиабеко» мамлекеттик-жеке менчик корпорациясын түзөт жана Кыргыз Республикасынын экномикасын реконструкциялоо жана экономиканы өнүктүрүү комитетин уюштурат. Комитеттин төрага кызматына Борис Бирштейнди бекитип, Ак үйдүн 7-кабатынан өзүнүн жанынан атайын кабинет бөлүп берет. Ошону менен бирге «Кыргызстан-Сиабеко» компаниясын Санжар Айтматовго башкартып, салыктардан толук бошотот. Залкар жазуучунун баласына Президент Акаев тарабынан берилген ыйгарым укуктары жөнүндөгү буйругу эч бир гезитке жарыяланбайт. Сыр бойдон калат.
Ошентип, Швейцариялык шектүү «Сиабеко» фирмасынын Филиалы Кыргызстанда ишин баштайт. Бирштейн өзүнүн жан сакчылары, жардамчылары менен Кыргызстанга сапар тартканда, Акаевдин түздөн-түз тапшырмасы боюнча чет өлкөдөн келген Өкмөттүк жогорку даражалуу меймандар үчүн жайыл дасторкон болгон мамлекеттик резиденцияда конок болуп жүргөн”, — деп жазылган.
Биз канадалыктардан эч нерсе талап кыла албайбыз
— Айрым саясатчылар Кумтөр боюнча экологияга келтирилген чыгымды канадалыктарга төлөтүш керек деп жатышат. Мындай жүйө канчалык деңгээлде реалдуу жана эл аралык мыйзамдарга туура келет?
— Кээ бир саясатчыларга “оозуңа келгенди оттобочу” деп айткың келет да… Убагында төлөтө албагандан кийин канадалыктарга азыр кантип төлөтөсүң?! Кумтөрдү биз алгандан кийинки келишимде Кыргызстан аларга эч кандай доо коё албайт, алар да бизге доо коё албайт. Ошон үчүн “жоо кеткенден кийин кылычынды ташка чап” болбойлу дегендей. Айтайын дегеним, азыр төлөтүш керек деп жаткандар ошол 2009-2011-жылдары эмне үчүн эч нерсе айтпай, сунуш кылбай отуруп, азыр маселе көтөрүп жатат? Анткени, алар Акаевдин учурунда коркуп, эч нерсе жасай албай отурушкан. Эгер аларга төлө деп доо коё турган болсок, алар да биз келтирген зыянды азыр силер да жасап жатасыңар десе эмне деп жооп беребиз? Анткени, азыр да Кумтөрдөн алынган калдыктар баягы эле канадалыктар төккөн жерге төгүлүп жатат. Ал үчүн өкмөт атайын жер бөлүп берген жок.
Дагы бир нерсени айтып коёюн, азыркы экология министри Динара Кутманова 2011-жылы Кумтөр боюнча Садыр Жапаров штаб түзгөн учурда ал да ошол жерде болчу.
Ошондо дагы Кутманова канадалык компания Кыргызстандын экологиясына 7 миллиард доллар зыян келтирди деп айткан. Мен “Муну кантип эсептеп чыктыңар, себеб ал жерде 7 млрд долларлык алтын өндүрүлө элек болчу. Анан муну канадалыктардан талап кылсаңар уят да”,- деп сураганда: алар болжол менен эсептеп чыктык деп, азыркы президент да ошол маалда эсептегенде ушунча каражат чыкканын айткан. Мен жеке өзүм, муну туура эмес маалымат деп эсептеймин. Буга далил керек.
Бирок, биздин экология бузулганы да, азыркы учурда да бузулуп жатканы чындык. Мен, бир топ адистер, депутаттар Роза Отунбаева, Сергей Ибрагимов, Бүмайрам Мамасейитова болуп Монголиядагы Борого, АКШдагы Невадага, Barrick Gold деген компаниясына барып, 730 метр тереңдикте жердин астына киргенбиз. Ал жерде өзүнчө жолдор салынган. Жердин астында алтын казуу ишетри кандай жүргөнүн көрүп келгенбиз. Алар атайын адистерден турган топ, заманбап жабдыктар менен иштешет. Ал эми бизде болсо канадалыктарга баары бир болуп, арзанына карап жардыруу ыкмасы менен иш кылышкан. Бул арзан болгону менен экологияга өтө чоң зыян келтирет. Ал жарылгандан кийин химикаттардын баары көтөрүлүп, миң жылдык зоолордогу жаракаларга, мөңгүнүн эришине жана жердин титирешине да бирден бир таасир этүүчү фактор болот. Кумтөрдүн айынан канчалаган жолдор бузулду. Ошонун баарын алар оңдош керек эле. Кумтөргө барчу жол 7 айылдын ортосунан өтөт. 20 тонналык оор техникалар үстүнө дагы 20-30 тонна жүктөп каттаганда жолдордун ашмалтайы чыгып, бир катар үйлөрдөн жарака кеткен.
Табийгатка канчалык жырткычтык мамиле кылсаң, ал сөзсүз түрдө буга жооп кайтарат. Ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап келген табийгатты бузганга акыбыз жок.
— Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бул эң чоң алтын кенинде канча алтындын кору бар жана аны канча жыл иштете алабыз?
— Кыргызстандын бир топ жерлеринде алтын кендери бар. Бирок, ал кендердин иши элге ачык айтылган эмес. Буга чейин да ачык — айкын болгон эмес. Ошондуктан, ар кандай ушак-айыңдарды угуп, эл каршы болуп келет. Бирок, бир четинен ал да туура. Анткени, ошол компанияларда иштеген кызматкерлерге ал жерде жашаган жарандар да алынышы керек. Жергиликтүү элдин кызыкчылыгын сакташ үчүн өндүрүшкө ошол жердин продукцияларын колдонуу кажет.
Бүгүнкү күндө Кумтөрдөн кийинки эле иштетилип жаткан Жер-Үй кени. Андаш жана Талас Талды-Булак Сол Тарап алтын кендери бар. Менин оюмча, мурдагы президенттер акыл-эси болсо, ошол үч кендин ортосуна бир фабрика курса болмок. Баарын бириктирген фабрика курулса, табийгатыбыз да бузулмак эмес, анткени, андан чыккан калдыктар бир жерге төгүлөт эле. Бирок, белгилей кетчү жагдай, Жер-Үй кенинин ээлери чет элдиктер болуп саналат.
Кумтөргө келсек, анын иши жакынкы күндөрү бүтпөйт
— Президент Садыр Жапаров жакында берген маегинде алтынды калдыктардан да иштетип, алтын алабыз деди. Калдыктарды кайра иштетүү өзүн актайбы жана канча пайда тапса болот?
— Бул туура. Мисал үчүн Монголияда ушундай жол менен алтын алынат. Аны биз көрүп келгенбиз. Анын да атайын жолдору бар. Бирок, Кыргызстанда калдыктардан канчалык алтын көлөмү так алынат, аны эч ким айта албайт. Бирок, бул да мамлекеттин байлыгы болуп саналат.
— Бир эле Кумтөр кени эмес, башка да алтын кендерибиз ак мөңгүлүү аска тоолордон казылып алынууда. Алардын ордуна казылган гана ойдуңдар калып жатат. Бул экологияга канчалык зыян келтирүүдө? Ошондой эле өткөн жылы мамлекет башчыбыз БУУнун Башкы ассамблеясында жана башка эл аралык экологияны коргоо боюнча жыйындарда жашыл экономиканы коргоо, колдоо боюнча сүйлөгөн сөзүнө туура келеби?
— Биринчиден, Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин эле эки мөңгүдөн куржалак калганбыз. Анын баарына эле Жапаровду күнөөлөгөн туура эмес. Кемчилик баарбызда эле табылат. Жашыл экономикалык саясат дүйнө жүзүндө бар. Президенттин бул жаатка көңүл буруп жатканынын эки себеби бар. Биринчиден, элдин ден соолугун сактап калуу. Экинчиден, дүйнөлүк деңгээлдеги экономикалык программага кирүү. Ага кирип Кыргызстан тышкы карыздын бир бөлүгүнөн кутула алат. Анын негизинде өлкөгө бир топ техникалык, каражат жагынан инвестицияларды тартса болот.
Бир дипломат доллардан эмнеге баш тарткан?
— Сиз маектериңиздин биринде канадалыктар бир дипломат акча сунуш кылып, “баары эле ушундай шартка макул болушат, Сиз эле каршы чыгып жатасыз…”,- деп айтышты деп айткандай болдуңуз эле. Чын эле алар Сизге ири суммада акча сунуш кылганбы жана эгер чын болсо, эмнеге баш тарткансыз?
— Туура… мындай факт болгон. Луис деген чет эл жараны, Кумтөрдүн президенти болчу. Мен ал кезде ЖКнын миграция боюнча комиссиясынын төрагасы элем. Алтынчы күнү кечинде ал (Луис) котормочусу менен кеңсеме келди. Эмне маселе боюнча келгенин сурасам, аркы-беркини айтып отуруп, Луис: Сиз дагы Жети-Өгүздөн шайланып келбедиңизби, башыңызды оорутуп эмне кыласыз… Балдарыңызды Канададан окуталы… бул жерде шайлооңуздарга жете турган каражат бар деп мага дипломатын түрттү…
Мен үчүн бул күтүүсүз мамиле болду. Ошол замат эшикти ачып, кызматкерлеримди чакырып, “бул акмактар мага пара сунуштаганы келиптир, чыккыла. Туура эмес дарекке келип алыпсыңар деп”, ачууланып дипломатын ыргыта тептим. Бирок, ал мага, “зря, муну менен сен эч нерсе кыла албайсың. Башкасын да сатып алабыз”,- деди. Менин ошондогу катачылыгым, күч органдарына маалымат бербегеним. Бул күтүүсүз окуя болгон. Эгер алардын пара сунуштарын алдын ала билгенимде, тиешелүү органдарды чакырып, факт каттамакпыз. Бул тууралуу өзүмдүн маегимде жана жазган китептеримде да маалымат берилген.
Бирок, кийин Атамбаев менен Жээнбековдордун бийлиги учурунда мени ЖМКларга чыгарбагыла деген тапшырма берилип, ар кандай ушак-айыңдарды, Исабеков акчасын алып алып, унчукпай калды деген сөздөрдү тараткан. Эгерде мен 2006-жылы Луистен пара алсам, 2009-жылга чейин соттошуп жүрмөк белем… Ошол окуядан кийин бир эмес, эки жолу өмүрүмө коркунуч келген учурлар болгон.
Насридин Исановдун өлүмү буюртма болгон…
— Туңгуч премьер-министр Насирдин Исановдун өлүмүн Кумтөр келишимине кол коюудан баш тарткандыгы менен байланыштырып жүрүшөт. Сиз ушул жагдайга кызыккан жоксузбу?
— Алтын бар жерде сөзсүз түрдө кан болот. Өзгөчө мындай ириген, афера болгон жерде… Тилекке каршы бул нерсеге жол берилип калганы өтө өкүнүчтүү. Насирдин Исанов менен өзүм жеке тааныш эмесмин, бирок анын жасаган иштерине өтө чоң баа берем. Мен Исановдун өлүмүн иликтеп чыккам. Бул депутаттын иши эмес болчу. Анткени, анын өлүмү чуулгандуу болгон. Исанов менен Бриштейн чогуу түшүп бараткан унаа кырсыктаган. Бирок ошол эле учурда Бриштейнде бир да чийин жок. Ошондуктан Исановдун өлүмүн кокустук эмес, киши колдуу болгон деп эсептейм. Ал Бриштейнди өз каалоосу менен коштоп барган эмес, ал Акаевдин буйругунун негизинде болгон.
Буга кошо премьер-министрдин унаасы кортеж менен жүрөт. Аны коштоп бараткан унаалар алыстап кеткени дагы күмөндүү. Эң кызыгы, Бриштейин да аман, анын айдоочусу да аман калып, жалгыз Исанов каза болгону. Акаев да бул ишти тыкыр көзөмөлгө алып, текшерткен эмес. Исановдун өлүмү толук кандуу иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылган жок. Бул кишинин өлүмү сөзсүз түрдө Кумтөргө байланыштуу жана анын өлүмүнө кызыктар тараптар болгон.
Кубанычбек Исабеков өзүнүн «Кумтөр» — акталбаган үмүттөр» китебине Насирдин Исановдун өлүмү боюнча мындай жазган: “Өлкөнүн башкаруу бийлигинин экинчи адамы Насирдин Исанов авто кырсыктан каза болгондо, негизги күбө катары сурак берүүчү Борис Бирштейн эмне үчүн ошол эле күнү Андижан аркылуу чет өлкөгө учуп кеткен? Исанов менен Бирштейн түштүк тарапка кайсыл кенди көргөнү барган? Мына ушул суроого бүгүн деле жооп таба албай келебиз….
Исановдун канчалык деңгээлде Бирштейн менен тааныштыгы бар экенин билбеймин, бирок, эл аралык маанидеги «мошенникти» Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов алып келгени баарыбызга маалым. Керек болсо С. Айтматов Б.Бирштейнге тиешелүү «Сиабеко Кыргызстан» ишканасынын директору катары келишимдерге кол коюп жүргөн.
Тилекке каршы, Бирштейндин Кыргызстанга болгон кызыгуусун Өкмөт башчынын өлүмү коштогон кырсык деле токтото алган жок. Н.Исановдун өлүмүнө күбө катары укук коргоо органдарында сурак бергенин уккан-билген жокпуз. Каалаган учурда келип, каалагандай өз ишмердүүлүгүн уланта берди. Айтор, жанында бараткан Кыргызстандын Премьер-министри каза болгонуна Б.Бирштейндин кылы кыйшайган жок”.
— Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президент кааласа Кытайга болгон карызды алтындын эсебинен азыр эле төлөп сала аларын айтты. Карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп койсо болобу?
— Негизи мен коңшу мамлекеттерден көп карыз алганга каршымын. Буга жоопкерчилик да эки эсе жогору болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эң көп Кытайга карызы бар. Атамбаевдин учурунда болсо карызыбыз абдан өстү. Буга кошо эң чоң пайыз менен алынган. Эл аралык келишимдер боюнча карыздар мындай пайызда болбойт. Бул жерде жеке кызыкчылык болуп кеткен. Буга кошо ошол алынган акчалардын бир да тыйыны Кыргызстанга кирген эмес. Мунун баарына ошол учурдагы бийлик күнөөлүү деп эсептейм.
Эми карызды төлөө боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров да мөөнөтүнөн мурда төлөсөк, айып салынат деп айтты. Мындай жагдайда келишимде көрсөтүлгөндөй төлөнүшү керек. Себеби, үстөк пайызы да көп болуп жатат. Бирок, ал карызды бүгүн Кумтөрдүн эсебинен төлөөгө мүмкүнчүлүк жок.
Тенгиз Бөлтүрүк азыркы бийликтин катачылыгы болду
— Тенгиз Бөтүрүктү мактап бийликке алып келип, ал акыры азыр СИЗОдо отурат… Бөлтүрүктү Кумтөргө алып келүү кимдин катачылыгы болду?
— Бизде кадр саясаты Советтер Союзунан баштап азыркы күнгө чейин аксап келет. Эми азыркы бийликтегилер таарынбасын, бирок баарын эл көрүп турат. Алсак, Бишкекте эле акыркы 3 жылда 11 башкы архитектор дайындалып жатат. Ал эми акыркы эки жарым жылда 6 мэр алмашты.
Мен Бөлтүрүк менен жеке тааныш эмесмин. Ал өзү кыргыз болгону менен Канаданын жараны. Мен аны бул кызматка алып келип жатканда каршы чыкканмын. Бизде мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамда башка өлкөнүн жаранын мамлекеттик кызматка дайындоого тыюу салынган. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек да. Ким Бөлтүрүктү президентке сунуштап, анан аны кантип өкмөт бекиткени таң калыштуу. Бул жигит буга чейин Кумтөрдө же болбосо жетекчилик кызматта иштеп көргөн эмес. Эми болсо камакта отурат. Негизи Кумтөрдө иштөө өтө кыйын. Анан сырттан бирөөнү алып келип койгону туура эмес. Ал баари бир эч несени оңдой албайт болчу.
Коммунисттик партияда ар бир жогорку кызматка барарда 3-4 кишиден сунуш кат алынчу. Кийин бир нерсе болуп кетсе, жооптуу болгудай болсун деген максатта. Муну ким алып келсе да ал жоопкерчиликке тартылышы керек. Тенгиз Бөлтүрүк жасаган чыгымдарды, мамлекетке келтирген зыяндардын ордун толтуртуу керек. Буга кошо бул окуя боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүү зарыл. Анын мындан башка дагы кылмыштары жокпу, ошону да териштирүү керек. Анын тушунда канча алтын өндүрүлүп, канчасы сатылганы элге ачык айтылууга тийиш. Анткени, Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылы Улуттук банкка алтын сатылганын айтса, Эртеси Улуттук банк аны жокко чыгарган учур болгон. Ошондуктан, баары кылдат изилдениши зарыл.
Эми Садыр Жапаров Кумтөр маселесинин арты менен бийликке келди, бирок Кумтөр менен бийликтен кетишин каалабайм. Ошондуктан, мамлекеттин ырыскысын талап-тоногондор өз жазасын алышы керек, ким гана болбосун.
— Тенгиз Бөлтүрүктүн кызматтан кетип, кылмыш иши козголгондон кийин бүтүндөй өлкөбүздүн тоокен тармагын бириктирүү максатында түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги да жоюлду. Эмне, бул бирикме бир адам үчүн гана түзүлгөн беле жана алгач холдингдин капиталын 1 млрд. долларга жеткирип, чет элдик инвестиция тартабыз деген план куру кыял беле?
— Негизи «Улуу көчмөндөр мурасы» Кыргызстага керек эле. Анын идеологиясы да жакшы болчу. Биз улутпуз, тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиз, дилибиз боюнча башка өлкөлөрдөн эч кем калбайбыз. Тарыхы жок эл болбойт дегендей, идеология бизге керек нерсе. Мен ушул “Улуу көчмөндөр мурасы” түзүлгөндө абдан сүйүнгөнмүн. Бирок, ага Бөлтүрүктү жетекчи кылганда таң калдым. Анын жетекчилиги астында эч кандай иш-чара өткөрүлгөн жок.
Бизде Мамлекеттик катчы деген эң жогорку, идеологияны тейлеген кызмат бар. Тарыхчылар, илимпоздор, тилчилерди, маданий кызматкерлерди тартып, Мамлекеттик катчыны жетекчи кылып туруп “Улуу көчмөндөр мурасын” түзсө болмок. Ага каражат кетирбей эле, айлык алып жаткан Илимдер академиясынын кызматкерлерин, билим, маданият министрликтериндеги кызматкерлерди иштетсе болот. “Улуу көчмөндөр мурасын” түзүүдө сөсүз эле миллиарддарды коротуп, сөзсүз эле жеп-жутуш керек беле? Ошончо каражат кетирип, эч жыйынтык бере алган жок. Бул жерде жетекчини туура эмес тандашты. Эми мамлекет аларга берилген техника, каражат кайда экенин да иликтеши керек.
— Президент С. Жапаров Кыргызстандан сатылган алтындар жарыяланбайт деп айтты. Эмне үчүн мамлекет сыртка сатылган алтынды ачык билдирбейт?
— Албетте, купуялуулук болуш керек. Кумтөрдөн чыгарылып, ташылып бараткан алтындар купуя болушу зарыл жагдай. Бирок, канча алтын өндүрүлүп, канчасы сатылганы, кайсыл жакка коротулганы, канчасы бюджетке түшкөнү тууралуу маалыматты эл билүүгө укугу бар. Бул Конституцияда каралган.
Маектешкен Элиза Хамраева.
булак: kg.eurasiatoday.ru