Домой Аналитика Кыргыз бийлиги Швейцарияга кайрадан жашыруун алтын сатты

Кыргыз бийлиги Швейцарияга кайрадан жашыруун алтын сатты

730

Кыргыз бийлиги Швейцарияга ири көлөмдө алтын сатылганын кайрадан жашырды. Улуттук статистика комитети февраль айындагы отчётунда Кыргызстан 2022-жылы үч гана өлкөгө 2 905 кг алтын экспорттогону көрсөтүлгөн. Баалуу металлдын басымдуу бөлүгү Кытайга (Гонконг) — 2 020 кг, Түркияга — 834 кг жана Бириккен Араб Эмираттарына — 49 кг сатылганы айтылат.

Анткен менен Factcheck.kg басылмасынын журналисттери соода статистикасынын эл аралык маалымат базасынан жана Швейцариянын бажы кызматынан таптакыр башка маалыматтарды табышты.

«Trade Map’тын маалыматына ылайык, Кыргызстандан экспорттолгон алтындын жалпы салмагы 2 269 килограмды түздү, бул статистика комитетинде көрсөтүлгөндөн 1,2 эсе аз. Кыргызстандын алтынын эң ири көлөмдө сатып алган өлкө — Швейцария. Ал жакка 1513 кг баалуу металл экспорттолгон. Ошондой эле алтын сатып алган өлкөлөрдүн арасында Түркия (385 кг), Таиланд (38 кг) жана Кытай (333,5 кг) бар. Кытайга жеткирилген алтындын салмагында да айырмачылык бар. Статистика комитетинде 2 020 кг деп көрсөтүлсө, Trade Map’та болгону 333 кг деп көрсөтүлгөн», — деп жазды басылма.

Швейцарияга сатылган алтын

Trade Map’тын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстан Швейцарияга 1 513 кг баалуу металл экспорттогон.

<img class="i-amphtml-intrinsic-sizer" role="presentation" src="data:;base64,» alt=»» aria-hidden=»true» />
Trade Map сайтынан скриншот.

Бул маалыматты Швейцариянын Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын маалымат базасы да тастыктайт.

<img class="i-amphtml-intrinsic-sizer" role="presentation" src="data:;base64,» alt=»» aria-hidden=»true» />
Швейцариянын Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын сайтынан скриншот.

Кыргызстанда «белгисиз өлкөгө» сатылып кеткен алтындын тегерегинде чыр буга чейин да чыккан. Улуттук статком 19 тоннадан ашык алтынды сатып алган тарап жөнүндө маалыматты жашырып койгон. Президент Садыр Жапаров маалыматтын жашыруун экенин «коопсуздук максатында» деп түшүндүргөн.

Улуттук банктан алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине» сатылганын ырастап, 2021-жылы накталай доллар керек болуп, ал үчүн эл аралык резервдеги алтынды сатуу чечими кабыл алынган деп белгилешкен.

Бирок соцтүйүндүн колдонуучулары жана журналисттер алтын сатылган өлкө Швейцария экенин аныкташкан. Парламенттеги бир катар депутаттар алтындын сатылышын жана өлкөнүн башкы алтын өндүрүүчү ишканасы «Кумтөрдүн» ишин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү талап кылышкан. Кийинчерээк комиссия түзүлүп, депутаттар кенге барып, алтын өндүрүлгөн фабрикада болуп кайтышкан.

Садыр Жапаров депутаттык комиссия тууралуу комментарий берип жатып, «Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат» деп билдирген.

28-февралда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банкта 46,7 тонна алтын бар экенин айткан.

булак: ky.kloop.asia