Бириккен араб эмираттары (БАЭ) Сауд Арабиясы Сирияга каршы аскер киргизип согуш ачса, анда аларга кошуларын билдирди. БАЭнин куралдуу күчтөрү 65 миң аскерден туруп, АКШдан, Франциядан, Россиядан чыккан жаңы куралдар менен жабдылган.
2015-жылдын март айында Сауд Арабиясы Йемендеги шиит көтөрүлүшчүлөрүнө каршы согуш ачып, ал өлкөгө киргенде БАЭ аскерлери да жардамдашкан. Ошондо БАЭ 1000 аскерден турган бригаданы жана 1800 чет элдик, негизинен мексикалыктар менен колумбиялыктардан куралган жалданма солдаттар согушка катышкан. Эксперттердин айтымында, БАЭнин аскерлеринин даярдыгы анча эмес экен. Ошонун натыйжасында көп аскеринен айрылган тура. Ошол согушта Сауд Арабия коалициясы 486 аскеринен ажыраса, йемендик козголоңчулардан 261 эле адам курман болгон. Ал эми карапайым элден 6 миңдейи курман болуптур. Сирияга барып согушабыз деп жаткан Сауд Арабиясынын, БАЭнин жана Бахрейндин аскерлери ийгиликтүү аракеттерди кылабы же көп аскеринен айрылып кайра тартабы, азырынча айтып болбойт.