Домой Криминал Тозокко карай алга: аялын сабап өлтүргөн жана башкалар

Тозокко карай алга: аялын сабап өлтүргөн жана башкалар

321

Аялын сабап өлтүрүп…

кан жалаган муштумАламүдүн районунда бир жыл мурун жасалган кылмыштын бети ачылды. 2015-жылдын жазында Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында 1963-ж. туулган Н.К. аттуу аял дайынсыз жоголгон. Арадан бир жыл өткөндөн кийин 1992-ж. туулган Бишкектин тургуну Т.Б. милицияга өзү келип, жасаган кылмышын мойнуна алган. Ал каза тапкан аял менен чогуу жашаганы, уруша кетип аны катуу сабап салганы, андан улам тиги аял көз жумганы белгилүү болду.

 

Кара-Сууда 16 аял кармалды

Кара-Суу районунда диний-экстремисттик “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүнүн үйүнө текшерүү жүргүзүлгөн. Үйдө 16 аял бар экен. РИИБүнүн начальниги Башкур Абдыкалыковдун айтымында, бул аялдар ал үйдө тыюу салынган диний окуу менен алек болушкан.

 

Тарбиялайм деп таяктап өлтүрдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда күйөөсү аялын өлтүрүп, андан кийин өзү да асынып өлгөн. ИИБ билдиргендей, 32 жаштагы Зарина үйүнө арак ичип келген. Ошондо күйөөсү аялын тарбияламакчы болуп, таяк менен сабаган да аялын өлтүрүп алган. Жубайлардын мектеп жашындагы үч баласы болгон.

 

Стамбулда кытайды тоногон кыргыз кармалды

Стамбулда кытай жаранынын 88 миң долларын — 261 миң түрк лирасын тоногон кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу 22-февралда “Хаберлер” түрк маалымат агентствосу билдирди. Анын билдиришинче, Стамбулдун полициясына 19-февраль күнү Кытайдын атуулу В.М. кайрылып, машинесине отуруп жатканда ага эки адам кол салып, акчасын тоноп кеткенин айткан. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

 

Машинесин тартып алып, акчасын кошо тоношту

Акыл жана Ильяс аттуу жигиттер Сокулук районунун Орок айылынын жашоочусу М.Мачаевдин үйүнө кирип, өздөрүн УКТнын мүчөлөрүбүз деп тааныштырып жана күч колдонуу менен үй ээсин талаага алып чыгышкан. Ал жерде үй ээси Мачаевдин “БМВ-530” үлгүсүндөгү машинесин жана 10 миң долларын тартып алышкан. Бул кылмышкерлер аз күн мурун бул кылвтакка илинди.

 

15 миллиондук баңгизаты кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Бишкекте Орусияга алып өтүүгө даярдалып жаткан 12 кг.дык героинди кармашкан. Алар билдиргендей, баңгизаты транзит менен Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Орусияга ташылып турган. 14-февраль күнү болжол менен саат 16.30дар чамасында борбордун Жибек Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнөн “Форд-Галакси” автоунаасын токтотушкан. 35 жаштагы эркек адамдын унаасынан героин салынган 13 түйүнчөктү табышкан. Анын айтымында, ал баңгизатын “Ак-Жол” кыргыз-казак өткөрүү пунктунан алып өтүүгө тийиш болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.