Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен сүйлөштү.
Анын жүрүшүндө тараптар кызматташууга, эки өлкөнүн ортосундагы ишенимге жана эки элдин тилектештигине негизделген өнөктөш мамилеге жогорку баа беришти.
А.Жапаров Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен мамилесин өнүктүрүүгө жана чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.
“Биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө өкмөттөра аралык комиссиянын ишмердүүлүгү негизги орунду ээлейт”, — деди А.Жапаров.
Абдулла бин Тук Аль-Марри болсо өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны кызматташуунун темпин ыкчамдатууга дем берерин билдирди.
Кыргызстан менен БАЭнин өкмөттөр аралык комиссиянын тар курамдагы жыйынында БАЭнин компаниялары акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасына активдүү түрдө инвестиция салып жаткандыгы жогору бааланды. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында кыргыз-эмират ишкерлер кеңешинин 1-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, атап айтканда, учурда «AD Ports Group» компаниясы менен эки багыт боюнча — Кыргыз Республикасынын аэропортторун реконструкциялоо жана куруу, ошондой эле бажы жана чек ара постторун модернизациялоо боюнча тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө.
Аталган долбоорлордун жалпы наркы 800 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт.