Ысык-Көл облусунда Кыргыз өкмөтүнүн жаңы өкүлү дайындалганына бир ай боло электе ага кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Өткөн жумада өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевге Данияр Нарымбаевди коргойбуз деген Жети-Өгүз районунун тургундарынан башка дагы Ысык-Көл облусундагы насыячылардын укугун коргоо боюнча коомунун өкүлдөрү кайрылышты. Алар насыя төлөөдө негизги сумма азайбаганын жана аны төлөө мөөнөтү узарбай жатканын айтышат. Ошондой эле алар күрөөканалардын өзүм билемдик иштерине нааразы болушкан.
Ысык-Көл облусундагы насыячылардын укугун коргоо боюнча координатор Гүлжан Мамбетова: “Биз Акибаевге элдин кыйналып жатканын жеткирели деп келдик. Биздин мүчөлөр 1 жарым миңге жетет. Алардын арасында насыяларын төлөй албай муунуп өлгөндөр, үй-бүлөсү бузулгандар, балдарын таштап эки жакка качып кетип жаткандар бар. Көп адамдар банкка насыя төлөй албай күрөөканалардан акча алып, ага да учурунда бере албай калышууда. Ал эми, банктар менен күрөөканадагылар өз билгенин жасап, акчаны учурунда бере албай калсаң, милициялар менен келет, үйдөгү буюмдарды сатат, сотко беришет. Алар карапайым элге насыя төлөөнүн мөөнөтүн гана узартып берсе жакшы болот эле. Биз болгону 6 айдан 12 айга чейин убакыт сурайбыз”,- деп билдирди.
Насыячылар менен жолугушууга өкүлдөн сырткары Улуттук банктын облустагы башкармалыгынын башчысы Марс Алишеров, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Абдрахматов, КРнын Ысык-Көл, Нарын облустарына караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын облус боюнча башкармалыгынан Кайырбек Чаргынбаев катышты. “Милиция насыяга кийлигишпеши керек. Алар кылмыш же тартип бузуучулук болбогон жерге барууга укугу да жок”,- дейт Мелис Абдрахматов бул жолугушууда. Ал эми Улуттук банктын облустагы башкармалыгынын башчысы насыячылардын иштери менен таанышып чыгып, жообун айта турганын билдирди. Асхат Акибаев насыя алуу системасында жакындан бери өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып, аларды көйгөйдү көтөрөбүз деп мыйзамсыз иштерди жасоодон оолак болууга чакырды.
Чынында эле насыячылар республикабызда бир катар митингдерди уюштуруп, нааразылыктарын билдирип келишет. Бул жолу алар облустун жаңы жетекчисине келип, эгер биздин суранычтар аткарылбаса, биз алдыда нааразылык акцияларды уюштурабыз деген пикирлерди да айтып жиберишти.
Чындап келсе, Кыргызстанда соңку мезгилде чамасына карабай карыз алып, кийин төлөй албай, күрөөгө койгон үй-мүлкүнөн ажырап калгандар өтө көп болууда. Республикабызда микрокредиттик уюмдардан 700 миңден ашык киши насыя алган деген маалымат бар. Алардын канчасы алган акчасын төлөй албай жүргөнү белгисиз. Өлкө боюнча насыяны төлөй албагандар биригип кыймыл да түзүшкөн. Мына ошол кыймылдын башында “Кыргызстан жаңы күчтөрү» уюмунун тең төрагасы делген Кубат Токсобаев турганы белгилүү. Ал коммерциялык банктар жабылсын деген талаптан баштап “Кумтөр” маселесине, “Манас” аэропортунда Америка базасынын чыгарылышына карата пикирин билгизип, Баткенде оор жүк ташыгандарга каршы нааразылык акциясынын, Таласта аягы мушташ менен бүткөн тынчтык митингдердин башында турган. Ошондой эле ал Эмилбек Каптагаев Ысык-Көлгө ыйгарым укуктуу өкүл болуп келишине каршы чыккандардын да активдүү мүчөсү болчу. Андан мурдараак Токсобаев Ысык-Көл облусуна Мирбек Асанакуновдун ордуна жетекчи болуп келет экен деген каңшаар да Көлдө таркап кеткен.
Сөз чынынан бузулбас. Азыркы учурда микрокредиттик компаниялар акчаны 36 пайыздан 50-60 пайызга чейин берип жатат. Банктарда 35 пайызга чейин берилет. Бул өтө кымбат. Анын үстүнө өздөрүн кредит берген уюмдардын көз боёмочулук иш-аракетинен жабыркадык деп эсептешкен аялдар акчаны төлөө кечиге баштаганда банктар күрөөдө жок буюмдарды дагы сатып жиберген учурлар бар экенин айтышат.
«Укуктук мейкиндик» коомдук фонду 30 айыл өкмөтүндө, 1050 адам катышкан сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын 25 пайызы тойго, 8 пайызы өлүм-житимге насыя алган. 30 пайызы миграция үчүн, эки пайызы кийим-кече сатып алыш үчүн, 35 пайызы чыныгы бизнес жасоо максатында алышкан. Ошондо 65 пайызы башка максатта колдонуп, жалган бизнес планды көрсөтүшөт экен. Алардын 95 пайызы акча алардан мурда келишим менен таанышпаганын айтышкан. Демек, элибиздин көбү карыз алганда көп ойлонбойт тура. Арийне, аны төлөчү күн келгенде, өзгөчө банктардын ары түшүнүксүз кагаздары менен эки эселеп төлөп берүүгө келгенде, эмне кыларын билбей калышат. Карызга батып кетип, өз кызы менен кайын сиңдисинин кызын барымтага алуу операциясын ойлоп тапкан келинди да көрбөдүкпү. Насыя алып, түрдүү банктарга, микрокредиттик компанияларга карыз болуп балээни башына үйүп жүргөндө, аларды ар кандай иштерге колдонгондор да бар экени өкүнүчтүү.
2013-жылы 27-июнда Жети-Өгүздө 500дөй эл “Кумтөр” маселесине байланыштуу чогулуп, мурдагыдай эле “Центерра” менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, экологиялык зыяндын ордун толтуруу маселесин коюшкан. Анын соңунда жүздөй адам Каракол шаарына барып, Каптагаевди кызматтан кетирүүнү жана 15 күндүн ичинде жаңы губернатор дайындоону өкмөттөн талап кылышкан. Ал жерде көлдүктөр эле эмес, Бишкектен, Таластан келген эжекелерибиз бар экени кызык эле. Ал митингдин катышуучусу Кубат Токсобаев талаптар аткарылбаса, жаштар кайрадан нааразылык акциясына чыгышы мүмкүн экенин билдирген эле. Өздөрүн оппозиция менен эч кандай байланышыбыз жок деп эсептеген алар эмнегедир ар кандай митингдердин отун тутандырып берүүчү болуп да калышууда.
Бул митингди насыячылар баштаганы менен, кийин алар сөз айта албай калганын да көргөнбүз. Жети-Өгүздөн келгендер: “Силер кредитиңерди коё тургулачы, бул жерде “Кумтөр” маселеси болуп жатат” — деп албууттана кыйкырган эжелерди кагып койгонун да уктук. Алгач өкүлдү галстуктан алып жаткан эжелер ошондо тынчый түшпөдүбү. Андан кийин баш аламандык башталганда: “Биз бул үчүн келген эмеспиз, токтоткула!” — деп ыйлаган энелерди да көргөнбүз. Муну эмнеге айтып жатам, бул жолу насыячы эжелер жаңы өкүлгө келгенде, алардын аркасында кандай саясат жана кимдер турат болду экен деп ойлобой коё албайт экенсиң…
Жумагүл БАРКТАБАСОВА