Домой Саясат “Булбултай” Мадумаров кайсыл маселени президент, кайсыны Жогорку Кеңеш чечерин аликүнчө билбейби?

“Булбултай” Мадумаров кайсыл маселени президент, кайсыны Жогорку Кеңеш чечерин аликүнчө билбейби?

153

Бакиев жана МадумаровТили менен буудай кууруган куру чечен Адахан Мадумаров аттуу саясатчы бар эмеспи. Акыркы 7 жылдан бери жалаң жеңилүү ызаасын гана тартып келатат. Анан калса “менин башкы байлыгым тилим, кыйын сүйлөй алганым” деп мактанса жанына жакын тура албай каласың.

Ошол ташы аркасынан томолонуп, тоодон ылдый кулап келаткан Мадумаров маалымат булактарынын бирине “Кыргызстан аскер күчтөрүн Сирияга киргизиши мүмкүнбү?” деген темадагы талкууга пикирин айтыптыр. Болгондо да адатынча, эч кандай анализ жүргүзбөстөн эле “Мен президент болуп калсам, Кыргызстандын аскерлеринин Сириядагы согушка катышуусуна жол бербейм” дептир.

Биринчиден, бул маселени президент өзү жалгыз чечпейт. Аны Жогорку Кеңеш чечет. Эгерде Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу каршы берилсе, анда маселе өткөн жок болуп саналат. Бул туурасында ЖК депутаты Каныбек Иманалиев түшүнүктүү кылып маалымат булактарынын бирине жооп берген. Анын айтымында, Аскердик доктринага ылайык Кыргызстан антитеррордук операцияларга катышуу милдетин мойнуна алат. “Андан сырткары, ЖККУнун мүчөсү катары Кыргызстан эл аралык келишим боюнча милдетти эске алуу менен өз алдынча ар бир кырдаалда өзүнүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун аныктайт. Эгерде мамлекет жетекчилиги биздин Сирияга катышуубуз максатка ылайык деп эсептесе, анда чечим Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы керек, жалпы депутаттардын добушунун үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес добуш менен. Азырынча биздин комитетке мындай сунуш келип түшө элек», — дейт ал. Ошондой эле ал Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү болгондуктан коопсуздук маселелеринде Россия биздин стратегиялык өнөктөш экендигин, бул биздин улуттук кызыкчылыктарга туура келе турганын кошумчалайт.

Мына ушуну «Президент болом» деген амбициясы ашып-ташып аткан Мадумаров билбейби? Биз өткөн жылдын декабрь айында референдум аркылуу Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен толук кандуу парламенттик башкаруу системасына өтүү жолуна түшкөнбүз. Андыктан, баардык маанилүү маселелер бир гана Президенттин айтуусу менен чечилбейт, аны парламент чечет. Куру чечен боло бергенче Адахан Кимсанбаевич жок дегенде эмне айтып атканын бир аз анализдеп алса жакшы болмок экен.