Домой Саясат Райымкул Аттокуров деген “каңгыбаштын” айтканы айбандык!

Райымкул Аттокуров деген “каңгыбаштын” айтканы айбандык!

81

Душман дөөрүгөндө

Бакиев тушунда анын көчүк-пөчүгүн тазалап жүрүп, Кыргызстандын Россиядагы элчиси кызматына жеткен Райымкул Аттокуров деген бар эле. Анан Бакиеви айбандыгынын айынан Минскини көздөй дырдыгып кире качкандан кийин, бу Аттокуров деген немеси да элчиликтен куулган. Ал Бакиевдин “куйругу” катары Кыргызстандан дурус жашоо таба албайт эле. Ошондуктан, орустарга ашкере кошомат кылып алардын атуулдугун алган экен?! Эми кептин ток этер жерине келели…
Жанагы Аттокуров деген каңгыбаш “Кыргызстан Россиянын курамына кириш” керек дегенди айтыптыр го?! Ал гана турсун карандай калпты айтып, “бул маселе Кыргызстанда талкууланып жатат” деген кезектеги калпын айтып жанын жебейби?! Муну уккан накта кыргыздар, “Аттокуровдун оозуна кара таш!”, “Аттокуровдун оозун кара жама жесин!”деп, аябай ачуусу келгендер дене бойдогу “члендерин” жедирип турушат! Анан ушул айбандыкы туурабы?! Биз азыркы эркиндикке жүздөгөн жылдардан кийин жеткенбиз! Мейли, азыркы эркиндигибиз “аки-чүкүлүү” болуп турсун, мейли, башка өлкөлөргө экономикалык жактан көз каранды болуп турабыз, мейли карызыбыз толуп кетти, биракта, эркин өлкөбүз, эркин өлкөлөрдү каттачу БУУга мүчөбүз, ондогон өлкөлөр менен дипломатиялык катышыбыз бар, кайда барабыз, кайда турабыз өзүбүз билебиз, мурун орустардан чочулап айта албай жүргөн, айтылбай жүргөн ойлорубуздун баары ачык айтылып жатат, “Манас” баштаган эпосторубуз, Жеңижок, Арстанбектин ырларын каалашыбызча угуп жатабыз, китеп кылып чыгарып жатабыз, “мен кыргызмын” дегенди катуу үн менен айтып жатабыз!
Ооба, азыр миңдеген кыргыздар орустардын атуулдугун алып жашап жатат. Мейли, мекенин кыйып кеткендерге айтарыбыз ошол-ал жакта деле аман болгула! Ал эми мекенин таштап кетүү оюна келбеген, Мекенине “жабышып калган” миллиондогон кыргыздар бар да. Алар улуттун өзөгүн түзгөн немелер! Ошолор Аттокуровдун айбандыгына айласы жок чыдап турган кези. Эпадам Аттокуров деген айбан ушул жерде болсо, тытып салмак! Эми бул Аттокуров деген айбан таза кыргыз эмес болуш керек.Анан ал орустардын арасына сиңгиси келип, силерге кошулабыз дегенден айтып,д агы бир ирет орустарга кулдук уруп жатат да!
Терең талдабай үстүрт жазылган макала болду. Кенен сөз кезегинде болор…

Баратбай Аракеев

Булак: Багыт гезити