Домой Коом Тил, «Манас», салт-санаа санаага батырат ко?!

Тил, «Манас», салт-санаа санаага батырат ко?!

397

Ушу мен азыр айта турган ойдон аябай корком, антсе да айтууга туура келет.

Ооба, кезегинде кыргыз мамлекеттик деңгээлин каганатка чейин көтөрүп, кубаттуулугу артып, өңгө элдердин үшүн алып турган да кези болуптур! Анан душман күтүп, алардан жеңилип, туш-тушка тентип-тепчип кеткен да учуру болуптур… Ошентип, ачуу-таттуу жолду басып олтуруп, Октябрь социалисттик революциясына туш болуп илим-билимдүү элдердин катарына кошулуптурбуз. Оо, ал өзүнчө чоң тарых!..

Ошондо кыргыз бир кубанды! Кокон хандыгынын, орустардын,  анан өз бай-манаптарынын эзүүсүндө калган кыргыз эркиндик алдык деп жерге батып-батпай кубанды! Кат тааныды, илим-билимге сугарылды дегендей. Ага чейин  СССРди түзгөн республикалардай эле ички душмандарга каршы күрөштү; анан коллективдештирүү, индустриялаштыруу иштерине катышты; 1936-жылы СССР болуп биригип, анан 5 жылдан кийин башка союздук республикалар менен бирдикте фашисттик Германияга каршы согушуп жеңишке жетишти; ал ортодо 1937-38-жылдарда репрессиянын катуу «ызгаарын» да көрдү, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов өңдүү чыгаан уулдарынан айрылды! Ата Мекендик согуштан кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирди. Ошондон соң компартиянын жетегинде социализмди толук куруу жолуна түштүк…

Ырасында, коммунисттик партия дүйнөдөгү эң бир күчтүү жана таасирдүү партия болуп келди. Ал «Коммунисттик партиянын манифести» партиянын 1847-жылкы коммунизмдин тунгуч программалык документи. Коммунисттер союзунун 2-конгрессинин тапшыруусу боюнча Карл Маркс менен Фридрих Энгельс тарабынан Коммунисттер союзунун программасы катары жазылган… Ал манифест «Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!» деген ураан менен аяктаган». (КСЭ.3-том,337-бет).

Ошентип, коммунисттик партия биздин «акыл-эсибиз» болуп ондогон жылдары бизди темирдей тартипке салып жашап келди. Анан эмей, компартиянын күчү акылга сыйбагандай болчу да! Ал орнотуп койгон «темир кашаадан» кенедей эле өттүңбү, күнүңдү бүтүрүп таштачу! Акырын гана баарынан айрылтып таштачу. Анын мүчөсү болуш үчүн нечен сыноолордон өткөрчү, андан оңой менен өткөрчү эмес, анын сызган «сызыгынан» кенедей да өтпөгөн, талаптарын кыңк этпей аткарганга тарбияланган адамдар гана мүчө болчу да! Партияга мүчө болгон адамдар партиянын сызыгынан кенедей чыкпай жашагандай көрүнчү… Бирок, чыныгы реалдуулуктун көзү менен караганда компартияда айбанчылык иштер тим эле быкпырдай кайнап, былгып жатчу да! Сөз жүзүндө коммунисттик партия жалпы элдик бийликти шарттаган партия, ал эми иш жүзүндө анын лидерлери карапайым элге күн көрсөтпөгөн бийлигин жүргүзүп, жалпынын байлыгына өздөрү ээ болуп, карапайым элди кадимки кулдай жумшап иштетип, төбөлдөрү кадимки монархтар жашагандай жашашчу да?! Ошол замандын жогорку чеги Брежнев бийлик жүргүзгөн мезгилге туш келди. Ал кезде Кыргызстанды Турдакун Усубалиев башкарчу. Ал орустарга ушунчалык көшөкөрлөндү дейсиң, кошомат кылуунун эң ыплас иштерин аткарып турду! Орус тилин «экинчи эне тилибиз» дегенди ойлоп таап, өз тилин тебелендиде калтырды?! Ошонун «үзүрүн» эмдигиче көрүп келатабыз!..

1991-жылда эркиндик алдык дегенге чейин ар бир 14 союздук республика орустардын маданияттуу кулдугунда кыңк этпей жашап келди. Ошол 70 жылдай убакыттын ичинде орустун салт-санасы, маданияты, тили кыргыз элин басып турду. Андай болгондон кийин өзүбүздүн салт-санаабыздын мыкты жактары «короп» турду да!  Шоруң курган кыргыз үйлөнгөн эки жашка орусчасынан «горько!» деп жан-алы калбай кыйкырып турду го!  Улууну сыйлабастыкты, «келин келтейгенди», уул кутурганды, кыз бузулганды… ушул сыяктуу мурун кыргызга жат көрүнүштүн баары орус менен кошо келди… Эми бул тууралу айтсак, кеп оголе көп созулуп кетет, жаман жүрөктү жеп коёт!… Кыскарта чаап туралы. Баса, орус менен агартуучулук кошо келгенин эстеп жиберели да азга демди басалы…

…Горбачев СССРди таратканда анын тутумундагы республикалар араң эле турган экен жерге-сууга батпай сүйүндү го! Биз дагы жаман калпакты асмандата ыргытып, өтө катуу кубанып турдук! Бирок, бул эркиндик дегениң ыгын таппаган адамдарга аябагандай жаман абалды алып келет экен. Эркиндик деген ушул экен деп мурунку жол-жоболордун баарын тебелеп-тепсеп, ар кимиси ар башка сүйлөп, туш-тушка басып кетет экен. Баягы элди каалашынча башкарып келген коммунисттердин бир тобу дале элди башкарып турду, калганы алдым-жуттум турмушка киришти. Эгемендик алдык дегенден баштап эл-журт 70 жыл жыйнаган мүлктү баягы эле коммунисттер жеп-мойсоп турушту го! Ошол коммунисттердин көбү кезинде эптеп жүрүп, ак уруп жүрүп кээси ата-энесинин арбагын сатып жиберип алган коммунист деген күбөлүктөрүн тытып ыргытып ташташты да! Адам деген ушундай ит болот экен-өз ыңгайына жараша адамдыктан кетип, адамдыгын кечип турушат экен?!

Ошентип, демократия деген алып келген биринчи «жакшылык» жалпынын ондогон жылдар бою жыйнаган дүнүйөсүн саналуу шылуун адамдар жеп алды. Анан демократия дегениң биринин артынан экинчи «кокуйларды» алып келе баштады.

Демократия дегениң, биринчи иретте, кыргыздын кылымдар бою келаткан салт-санаасына сокку ура баштады! Анын баарын санап кайдан бүттүк, наалаты, аздап санайлы!..

Ушул ааламдагы элдин арасынан улуусун сыйлап, пир туткан кыргыздай бир дагы эл жок. Бул чындык небак эле такталган нерсе! Улууга эңкейе салам берип,колтуктай аттан түшүрүп, алдыга баштай басып эшик ачып, төргө өткөзүп, алгачкы чыныны ага сунуп… Ошол сыйды демократия жалмап турат?! Атанын айтканын кылып, анын кебинен кенедей чыкпай, акылын кунт коё угуп, анык аткарган уулдар кемип барат; энесин жандай отуруп, анын чачын тарап, өрүп олтуруп, айткан акылын угуп,этек-жеңине көз болуп, суйкая жүрчү кыздар кемип барат; конок келсе, жан-алы калбай төрдөн орун берип, берерге тамагын таппай, буту үзүлгөнчө чуркап тосчу меймандостугубуз калып барат; айттырбай эле шарт кирип келип, дасторкондон орун алчу кошунаң жок болду; «намысымды алдырганча, жанымды алсын» деген жигиттер жоголду; үйгө алды менен кирип, арты менен чыкчу келиндер кайда?!; аппак сакалын сылай дөңдө акылын айтып олтурчу сан бырыштуу аксакалдар жок го?!; бир нерсе таап алса, ээсине бергиче шашкан актык жоголду… жок, жок, минтип санай берсе кете берет, демократия жоготуп, берген ыйык көрүнүштөр?! Жүрөк сыздайт, намыс удургуйт, кокуй ай!..

…Усубалиев орус тилин «экинчи эне тилибиз» кылган күндөн баштап, кыргыз тили жоголуу жолуна түшкөн! Кылымдар бою жашап келген тилибиз демократия келгенден кийин мамлекетте керекке жарап берчү жалгыз тил боло албай, жанына «официалдуу» деген «наамы» бар орус тилин коштоп алды да өзү кара турмуштагы кирди-чыкты мамилелерди гана айткан тил болду?! Ошондон соң, «мамлекеттик тил» болуп эсептелген кыргыз тили «официалдуу» деген «наамы» бар орус тилине активдүүлүктү алдырып койду?!.Тил комиссиясындагы Ишекеев иштемиш этет, миллиондор жакшы чачылат?! Талаага чачылат?!

…Борбор шаарыбыз Бишкекте 100дөй мектептин эки-үчөө эле кыргыз тилдүү, калганынын баары орус тилдүү?! Туура, Кыргызстанда 1800дөй мектеп кыргыз тилинде. Ал жакшы. Бирок, борбор шаарыбыздагы мектептер бардык жарак-жабдыгы менен камсыз болгон, педагогдору жакшы даярдыктагы тандалма адамдар да?! Анан анын баары орус тилинде болсо, ошого ич күйүп, намыс ооз тарттырбай тыбырчылап жатат да!

Азырынча ырыскыбыз бар экен, анткени, ааламда көлөмү боюнча теңдеши жок «Манас» эпосун Жараткан бизге ырыскылап койгон тура! Ал эң жакшы!  Ошол жакшыны биз азырынча деп айтып салбадыкпы?! Ооба, силердики туура, оозума таш!  Эмесе, угуп ал, укчулар, кайсы бир чыгарма окурманы болсо чыгарма катары жашайт, ал эми окулбай калса, ал чыгарма архивдик материал катары «өлүү» өмүрүн сүрөт?! Дагы бир ондогон жылдардан кийин «Манас» окулбай калат?! Анткени, эртеңки турмуштун ээси болчу азыркы балдар «Манас» жөнүндө үстүрт гана түшүнүгү бар, алар эзели «Манасты» окуп көргөн эмес, эми деле окубайт. Алар «Манас» жөнүндө угушкан, мектепте да мугалимдерден угушкан, анысы да чала-була маанисинде. Анан алардын балдары дегеле «Манас» жөнүндө түшүнүгү болбойт?! Биздин кеп башка, биз кенедейибизден «Манасты» чоң аталарыбызга, кошуна аталарга окуп берчүбүз. Биздин муундагылар,бизден беш-алты жаш кийинкилердин көпчүлүгү деле «Манасты» оригиналдан окушкан. Калгандары мугалимдерден угушкан… Ошол мугалимдердин көбү деле «Манасты» оригиналдан окушкан эмес, адабиятчылардын баянынан гана окушкан… Ошентип, жылдардын бир жылдарында оозеки адабиятты изилдегенден башкалар «Манас» жөнүндө чала-була уккан гана түшүнүгү болот. «Манас» таптакыр окулбай калган кез келет?! Анан «Манасыбыз» архивде гана калат!..

…Азыр жүз миңдеген кыргыздар орустун атуулдугун алышкан, болбосо, аны алуунун аракетинде жүрөт?! Кыргыздардын көбөйүшүнө шарт түзчү кенедей да иш кылбай өкмөт кыбырайт. Бала төрөгөндөргө чоң акча берип, аларды бакканга андан чоң акча берип, көп балалуу болгонго сонун шарт түзөлү деп баш ооруткан  бир дагы жетекчи жок, ал иш оюна да келбейт го?! Президент да ошолордун катарында?! Тигине, өзбектер 33 миллионго жетиптир! «Биз 6 миллион болдук»- деп мактандык эле, ошолордун ичинен орустун атуулдугун алгандар күндөн күнгө көбөйөт! Анан, жылдардын бир жылында кыргыздар орустарга, кытайларга… өзбектерге сиңип жок болбос бекен?!

Сөз башында ушуларды айтам деп аябай коркком да?!

 

Баратбай Аракеев

Булак: Багыт гезити