Домой Коом Экс-элчи жашыруун сырды жайып салдыбы?

Экс-элчи жашыруун сырды жайып салдыбы?

64

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу «Правда.ру» порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттокуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды.
«Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат«, — деген Аттокуров. Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. Ал мындан башка: «Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору«, — деп кошумчалаган.