Мурда пластикалык хирургиянын кызматынан пайдалангандар чанда болсо, азыр пластикалык операцияны жасаткандар арбын. Айрыкча көзү жүлжүктөр сурма жасаткан учурлар көп. Мурда блефаропластикага (сурма жасатуу) басым жасашса, азыр сангапуриге (жип менен сурма чыгаруу) кардарлар көп экенин “КосМед” клиниканын негиздөөчүсү, врач-дерматокосметолог Нурмери Гаджал айым айтты. Нурмери эженин айтымында, бул жип менен сурма жасоо жаңы ыкма болгондуктан, жакшы билгени деле, жаңыдан үйрөнүп келе жатканы деле жасап жатышат. Эң негизгиси чыныгы адистерге кайрылып, салондордон эмес, санитардык талаптарга жооп берген клиникалардан жасатса кардар каалагандай натыйжа чыгаарын баса белгиледи. Себеби, кээ бир сулуулук салондорунда сангапурини арзан жасаганы менен санитардык талаптар аткарылбай, натыйжада көз сезгенип же андан башка ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору.
— Нурмери айым, клиникаңыз канча жылдан бери элге кызмат кылып келе жатат? Клиника качан ачылган ?
— Биздин клиника косметологиялык кызмат көрсөтүп жатканына быйыл 19 жыл болот. Акыркы 5 жылдан бери пластикалык хирургдун да кызматын көрсөтүп келебиз.
— Пластикалык хирургдун кызматын көрсөтүп келебиз деп калдыңыз, жакынкы убакыттан бери операциясыз сурма жасаткандарын угуп жатам. Сиздердин клиникада да ал сурманы жасаарын билем. Негизи эле сурманын түрлөрүн, анын пайда, зыяны туурасында айтып берсеңиз?
— Сурма чыгаруу акыркы 5 жылда аябай популярдуу болуп, аны жасоонун ыкмалары да көбөйүүдө. Мисалы мурда хирургиялык жол менен жасалса, азыр операциясыз, жип менен жасалган сурма модага айланууда. Хирургиялык жол менен операция жасоодо кадимкидей сурманын үстүндөгү ашыкча тери жана майлар алынып, кардар каалагандай сурма тигилет. Операция менен жасоону көбүнчө жаш курагы өтүп калгандарга сунуштайбыз. Анткени ашыкча тери операция жолу менен гана алынат. Ал эми жип менен сурма чыгаруу ылдам жана операциясыз салынат. Бул процедураны Сангапури деп аташат. Көбүнчө 35-40 ка чейинки жарандарга сунушталат. Жип менен сурма жасоо акыркы 2 жылда трендге айланып, кыздар гана эмес, эркек балдар дагы көп кайрылышууда.
— Сангапурини канча жаштан баштап жасатуу керек?
— Негизи бардык эле процедура жана пластикалык операциялар 18 жаштан жогоркуларга сунушталат. Бирок, эгер медициналык жактан көрсөтмө болсо анда кээ бир жеңил операциялар жасала берет. Сангапурини 18 жаштан жогоркуларга гана жасайбыз. 40 жаштан жогоркуларга болсо сурма чыгаруунун хирургиялык жолун сунуштайбыз.
— Канча жылдан бери аталган процедура жасалат?
— Сангапурини биз 2 жылдан бери жасап келебиз. Атайын Москвадан келген адистер окутуп кетишкен. Андан тышкары биз дайыма Азиядагы мыкты адистердин онлайн окутууларына катышып, жаңы методдорду үйрөнүп турабыз. Сурманы жип менен чыгаруу ыкмасы бул Түштүк Кореядан бүткүл Азияга тарап, учурда дүйнөнү каптап жатат десем болот. Бирок бул жеңил ыкма болгондуктан көптөгөн медициналык билими жоктор үйрөнүп алышып, эч кандай санитария жок салондордо жасап жатышат. Клиникада пластикалык хирург жасаган процедура салондогуга караганда кымбат болот, элдер арзан деп эле билими жок адистерге жасатышып, көп учурда жабыр тартып жатышат.
— Сурмага нааразы болгондор келсе эмне кыласыңар?
— Албетте, сөзсүз нааразы болгондор болот. Андай учурда кардардын каалоосундай коррекция кылып беребиз. Бирок мындай учурлар бизде саналуу гана болот. Көбүн эсе процедурадан кийин туура эмес кам көрүүдөн жабыркап, ошонун кесепетин тартышат. Мисалы 2 жумага чейин оор көтөрүүгө, физикалык күч келтирүүгө, тамеки тартууга, спирт ичимдиктерин ичүүгө, бассейн, мончого барууга тыюу салынат.
— Көздүн көрүүсүнө таасир этпейби? Башка көз ооруларды козгобойбу ?
— Албетте, көрүүгө таасир этпейт. Анткени бул теринин астынан гана тигилет жана көздүн тамырларына, көрүүсүнө эч кандай таасир этпейт. Каршы көрсөтмөлөр бар. Бирок процедурадан кийин реабилитация пациенттин жаш курагына да жараша болот.
— Баалары кандай?
— Мыкты адис жасаган процедура кымбат турат. Биздин клиникада Сангапуринин баасы 15 000 сом. Эч качан процедуранын арзанын тандабаңыздар демекчимин. Анткени арзан процедурада арзан материалдар колдонулат, андан тышкары ар кандай вирус жугузуу мүмкүнчүлүгү жогору.
P.S. Эгерде косметологиялык же пластикалык хирургиянын кызматын пайдалангыңыз келсе бул телефон номерине чалып маалымат алсаңыз болот: 500-211-882
Инстаграмдагы баракчасы:
@kosmedbishkek
Булак: Багыт гезити