Домой Шайлоо 2020 Жаңы парламент жамандардан куралат

Жаңы парламент жамандардан куралат

69

Абал ушул…

«Мыйзам бузгандарды аёсуз жазалайбыз!» деп, шайлоону таза өткөрүүгө белсенген бийлик канчалык какшабасын, аны уга турган бирөө жок өңдүү. Анткени, бийлик тарап «мыйзам бузсаңар көргүлүктү көрөсүңөр, көзүңөрдү чукуп алабыз, тамтыракайыңарды чыгарабыз!..» сыяктуу курулай опузаларды көп айтып, анан эчтеке кылбай элди көндүрүп да салган. Ошондой куру опузалар канчалык көп айтылса, эл ошончолук тездик менен мыйзамдарды бузуп турганы?! Биздин Кыргызстандагы мыйзамдар бузуп туруу үчүн жазылгандай…
Жалпы журтту тажатып бүткөн, болбосо, жаман кылыктарды кылган, депутат эмес, көчө башы болуп иштегенге жараксыз немелер бу шайлоодо көп эле бар. Ошолордон азын санайлы, көбүн кайдан айттык!
Айтчу тизмени жеп-жуткандардын баш жагында жүргөн айтылуу Ахматбек Келдибеков баштап бергени турат бу.
Бу Келдибеков деген аябагандай чоң куу неме. Эми анысын тим коюп калганын айтсак эле жетиштүү болор… «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Келдибеков бир кезде эбегейсиз суммадагы акчаны жеп жиберип камалганы бар. Ошондо Алайлык жердештери Эркечтамга кетчү жолду он беш күндөй жаап туруп алышкан. Анан да акчага туйтунган катындар «Кара жорго» бийин бийлеп, нары жол жээгине чыгып тамак-ашка тоюп дегендей… жакшы кутурушкан. Бечара бийлик колунан эч нерсе келбеген бийлик, алардын эркине көнүп, Келдибековго айып пул төлөтүп туруп коё беришкен. Келдибеков болсо, башты жерге салган жок, кайра элге акыл айтып, эми депутат болом деп жулунуп турганы?! Тимеле жоо чаап келгендей кебетеси бар?! Көрсө, бул неме уялуу сезимин жеген акчалары менен кошо жутуп койгон тура?! Жок, бу немеде уялуу сезими жаратылышынан эле жок ко?! Ошол Алайдагы жол тосуудан мамлекет миллиондогон доллар зыян тарткан. Мамлекетибиздин колунан кокон келбей былжырап турган кебетеси ошол болду?!
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде азыркы парламенттеги көпчүлүк фракцияны башкарып турган, мурунку чакырылышта КСДП партиясы менен депутат болуп келген Иса Өмүркулов деген да бар. Эми анын көп кылыктарын айтпай эле, мурун «жанымды денеме кошуп берем» деп жүргөн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин башына кара булут айланары менен бийлик тарапты көздөй тез бурулган кылыгына кандай сыпаттама беребиз?! «Чыккынчы» дейбизби же «саткын» деп коёбузбу, болбосо, «эки жүздүү» деп атайбызбы, иши кылып ошол «сорттогу» бир неме да…
Аталган партиянын лидери Матраимов деген «укмуштуудай коррупционер, ал бажыда жүргөндө миллиарддаган долларды жеген» деп жазгандар толо болду,айткандар андан көп болду. Бирок, бул неме кезегинде, тактап айтканда, Жээнбеков президенттикке аттанган кезде ага оголе чоң жардам берген деген имиштер бар. Андыктан анын колдоочусу президенттин өзү болушу мүмкүн!.. Бу шайлоодогу эң көп көрнөк-жарнактар да ушул «Мекеним Кыргызстандыкы» болуп турат. Элдин акчасын элге кайра чачып жатканы!
Баса, 95ке чыккан энем бар, ошого учурашып келейин деп Каракол шаарына барып келдим. Түштүк жагы менен барып, Түндүк жагы менен келдик. Көлдүн жолу жүздөгөн айылды аралап өтөт эмеспи, көрдүк, шайлоонун шаңы менен желектер желбирейт, ураан-чакырыктар толо… Баарынан көп жарнактарды «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» партиялары илиптир…
…Өткөн шайлоодо Адахан Мадумаров Аскар Салымбековго жабыша калып, анын акчасын бир топ ойрондотуп туруп, шайлоодон өтпөй калган. Эми анын «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого бара жаткан биртоп «немелер» бар. Алар: Исхак Масалиев, Ишенбай Кадырбеков, Курсан Асанов, Саматбек Ибраев, Медербек Ибраев, Темирлан Сманбеков, Олег Домченко, Абидин Темиров, Рахман Разыков.
Масалиев саясатка эптеп илинип алып, ошол жердеги «эт менен челдин ортосунда» жүргөн неме, ал жөн жүрбөй эркелеп жүрөт… Кадырбеков да Масалиевдин бир түрү. Жетимиштен өтүп, депутат болгусу келип жатканында эмне сыр?! Масалиев да, Кадырбеков да партия лидери Мадумаровдой эле тили сайраган немелер…
Курсан Асановдун соттук иши али бүтө элек. Анан кантип шайлоого катышып жатканына таң калам?!
Кыдыкеева атындагы театрдын деректири Сманбеков маданият чөйрөсүнөн чыккан корркупционер. Муну биздин Айбек Шамшыкеев аябай жазган. Эми ошол да депутат болгусу келип жаткан экен, кай жерден акча жеп жиберем деп, депутат болуп оң иштебей калсын!
Олег Домченко мэриядан оң иштебей айдалган неме… Ал эми Разыков менен Темировго элдин эрмеги болуп жүргөн ишин улантып тургандан өтөрү жок эле, эмнегедир депутат болгусу келиптир…
Мадумаровду билип бүткөнбүз, айтканда эмне, айтбаганда эмне, сайрап турган кебетеси көз алдыда?!
Канат Исаев күн тийген жерди айныгыс таап турган чоң куу неме экен. Атамбаевден ыдык көрүп, анан Жээнбековго жабышуунун бир жолун таап, эми ага «уйгак» болуп турган кези. Эми анын «Кыргызстан» деген партиясы «бийликтин партиясы» деген «чин» алып шайлоого баратканы. Алган «чини» аны өлтүрбөй тургандыгын өткөндө бийликтин көз ымдамынан чыга албаган сот айкындап койду. «Кыргызстан» партиясында күнөө жок, болсо, аз эле болуптур деп туруп, шайлоого катышууга жол ачып берди. Мыйзам деген так, даана болорун, ал жерде «кичине эле» деген маани жок болорун бул сот билбейт экен, даанасын айтканда, билгиси келбейт экен. Ошентип, биздин «агынан» жазбаган сот БШКны «Кыргызстандын» алдына салып берди!
Аталган партиянын тизмесинде нечен жылдан бери элди аракка ууландырып келаткан «арактын атасы» Шаршенбек Абдыкеримов деген бар. Бул неме депутат болгондо, кыргыз элине эмне жакшылык алып келет?! Аракка дагы катуу сугарабы?! Жок, бул жигиттен жакшылык күтүүбүз туура эмес?! Бир ирет Ат-Башыга аттын кесилген башын эстелик кылып орнотуп жүрөктү түшүргөн!
Германиядагы Франкфурт-на Майне» деген шаарды айта албай «Франкфурт жана Маяне» деп окуган, спикер Дастан Жумабеков да бар. Эми бул жигит такыр эле билимсиз экенин көп жерде көрсөтүп койду. Депутат болуп эмне жакшылык алып келет?! Дүйнөгө атагы чыккан мыкты хирург, академик Жумабеков уялып жатса керек?!
Парламентте бир сөздү айта албай, кайта-кайта жаңылган «чилистен» депутат Тазабек Икрамов да бар. Айтор, бул партия билимсиздердин партиясы окшобойбу?!
Ооба, жаман иштерге аралашкан немелер бул шайлоого катышууга укукту кантип алышканын элдин баары эле билет- акчанын күчү дейбиз да! Парламентибиз беш-он адамдан башкасынын баары элдин купулуна толбогон немелерден куралар. Айла жок ишке, айла жок да!

Баратбай Аракеев

 

Булак: Багыт гезити