Домой Коом Райымбек Матраимов атайын эсепке дагы 126,8 млн сом которду

Райымбек Матраимов атайын эсепке дагы 126,8 млн сом которду

134

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине кечээ, 8-декабрга карата жалпы 773,4 млн сом которду.

Министрликтин маалыматына караганда Матраимов соңку жолу атайын эсепке 126,8 млн сом которгон. Ал эми 1-декабрга чейин Матраимовдон жалпы 646,6 млн сом келип түшкөн.