Өткөн аптада кадимки Райым миллиондун бир тууганы Искендер Матраимов жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп, бизнестерин кантип түптөгөнүн түгөл айтып бериптир. Окуп алып, бир жагы “байкуштарга” боорубуз ооруп, аяп да кеттик, бир жагынан жакабызды кармадык. Дегенибиз, булар көрбөгөндү көрүп, Райым болсо кыш куюп, колу жооруп жатканын угуп, кулагыбыз күлүп жиберди. Анда урматтуу окурман төмөндө Райымдын жана анын бир туугандарынын татаал тагдыры, азаптуу күндөрү тууралуу Искендер Матраимовдун өз оозу менен айткан маегинен үзүндү сунуштайбыз.
“Биз сегиз бир тууганбыз, чоңоюп, күч- кубатка толуп турган мезгилибиз 90-жылдарга туш келди. Советтер союзу тарап, эл депрессияга түшүп, буудай нанды мындай кой, жүгөрү, арпа нанга жетпей калган учур болду да. Мына ошол мезгилден тарта эле мен, инилерим жашоонун жолдорун издешип, 90-жылдардан кийинки каатчылык менен эл катары биз да күрөштүк. Мен мамлекеттик кызматта иштечү элем, инилерим жаш кезинен тарта эле колго кирпич куюп, аны сатып, түрдүү кара жумуштарды иштей коюп, жалпы эл эмне кылып жан бакса ошентип башташкан. Бир жолу автобуста кетип бара жатып туткасын кармап турган инилеримдин колдору кирпич куюп, саман кармап иштегендиктен жарылып-жарылып кеткенин көрүп, ичимден кейигеним эсимде. Атам ыраматылык мал чарбасында иштеген адам эле. Айылда биз кичинебизден мал багып, торпок, букаларды семиртип багып чоңойдук. Мал багуунун сырын жакшы билгендиктен, уй семиртип сатуу менен бир туугандарыбыздын баардыгы алектенди, ошону менен алгачкы капитал жасашты. Иним Райым ошондо эле айырмаланып турчу. Биз бирден бука баксак, Райым эки-үчтөн буканы бордоп бакканга жетишчү, кыш куйгандан биз качсак, ал салкынды күтүп, түнү менен уктабай иштеп койчу. Элден калбайлы деп бакандай болгон беш бир тууган болгон аракетти көрүп жүрүп, ар нерсеге урундук, кийин май саттык, темир саттык, пахта, тамеки саттык” — дейт Матраимов.
Райым түнү уктабай кыш куйганын элестеттиңерби? Кантип эле ; миллионер болуп кетти десе? Биттин ичегисине кан куйган бизнесмен экен десе, түнү уктабай кыш куйган мээнеткеч турбайбы. Эми бул бир кездеги анын жашоого болгон аракетидир. Андай жашоо турмуш баарыбыздын, ар бир кыргызстандыктын башынан өткөнү деле жалган эмес. Кыргыз “шордуу” жамаачысы жок шым кийбегенине аз эле убакыт болду. Баарыбыздын башыбызда бар, кол жооруп, нанга жетпей каатчылыкты көрдүк. Ал жагын аябай эле түшүнүп турабыз.
Кеп, “Райым миллиондун” миллиардер болуп кеткенин, кайсыл бир кездеги абалыбыз менен алдап жатканында болуп атпайбы. Ири бизнестин орто катмары айтып калат: “Кыргызстанда миллиардер болуш үчүн мамлекеттин мүлкүнө кол салат менен эле алек болуп жетет” — деп. Анын сыңары, Райым агабызчалык ашыкча мүлк топтоо-бул бери дегенди мамлекеттин казынасынын үчтөн бир бөлүгү болуп жатса, анан калса ар кандай каңырык иштер айтылып турса, ушундай дебегенде не дейсиң? Үйүнөн уурдалган , сейфтеги толтура акчанын эсебин билбей, ал гана эмес аны эбак унутуп койгонун айтканын эстесек, анда ал айтылган байлыктан да ашыкча байлык күткөнү байкалат.
Байыганына бали дебей жатат дейсиңерби, кеп анын эл жонунан жонуп жатканына эле ичибиз чыкпай жатпайбы. Кирпич куюп, бука сатып байыса кыргыздын кыйын дегендери бир топ болот эле го. Кыргыз бизнесинин күрөө тамыры ушул тармактарда турат эмеспи, кысталактыкы…!