Домой Коом Мэр Балбак Түлөбаев 10го жакын жооптуу жетекчилерди алмаштырды

Мэр Балбак Түлөбаев 10го жакын жооптуу жетекчилерди алмаштырды

57

Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 8-декабрда муниципалитеттин жаңы кызматкерлерин жана жетекчилерин жамаатка тааныштырганын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.  Түлөбаев бага чейин  Азамат Сагындык уулу жер, курулуш жана архитектура саясаты боюнча вице-мэр  кылып дайындаган.  Ал эми  мэриянын аппарат жетекчиси болуп Абдес Анарбеков дайындалды. Ал буга чейин аппараттын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген. Булардан тышкары,  Мырза-Айым Кымчыбекова мэриянын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн орун басары, Асхат Осмонов мэрдин кеңешчиси, Нурлан Наматов «Бишкек санитардык полигон» ишканасынын жетекчиси, Тынчтык Медербеков анын орун басары, Адилет Курпердиев «Бишкекнаабай» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Жер ресурстары башкармалыгынын юридика бөлүмүн Бакай Турдугулов жетектей турган болду.