Алмаз Оңолбековдун ордуна келген Алтынбек Торутаев боюнча тар чөйрөдө ар кандай маалыматтар жүрүүдө. Торутаевдин Бажыга келгенге чейинки эмгек жолуна көз салсак Торутаевдин Бажыга келип калышына шартты түзүп берген Кыргызстанга таасирлүү эки мырзанын ысымы аталууда. Такталбаган маалыматтар боюнча Торутаевдин дал ушул кызматка дайындалышына Райым Матраимов кызыкдар болгон экен. Бийликтегилер Матраимовдун сөзүн эки кылбай анын бапестеп өстүргөн кадрын майлуу-сүттүү орунга көрсөтүп берген.
Мындан сырткары анын салык боюнча толтурулган декларациясында ал өзүн итке минген кембагалдай эле сүрөттөгөн. Бажыга жаңы орношкондордун баарысы эле өздөрүн «кембагалмын эл үчүн иштейм» деген ураан менен келгендей түр көрсөтүп анан эле кайдан жайдан миллиарддарды чапчып ысымдарынан тарта «миллион» болуп чыга келишчү эле.
Бул темп менен жүрүп олтурсак Кыргызстанда калыстык качан орноп, өнүгүү жолуна түшөбүз?!