Домой Дүйнөдө АКШ Райымбек Матраимовдун жубайын да «Магнитский тизмесине» киргизди.

АКШ Райымбек Матраимовдун жубайын да «Магнитский тизмесине» киргизди.

881

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитский тизмесине» киргизди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Бүгүн мен Кыргызстандын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов менен анын жубайын коррупциялык аракеттери үчүн «Магнитский тизмесине» киргиздим. Биз биргеликте коррупцияга каршы турабыз жана глобалдык деңгээлде адам укуктарынын бузулушун токтотуу үчүн жоопкерчиликти күчөтөбүз».

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандын элчилиги да бул кара тизме тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпеонун билдирүүсүн таратты.

Анда дүйнө жүзүндөгү коррупцияга жана адам укуктарын бузууга катышкандарга каршы Глобалдык Магнитский Актысынын алкагында киргизилген санкциялардын максаты тууралуу айтылды.

«Бул иш-чаралар дүйнөдөгү коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды сактоого, адам укуктарын тебелөөгө каршы багытталган. Жалпысынан бул иш-аракеттер коррупцияны жана адам укуктарын бузгандарды, Кыргызстандагы бажы кызматкеринен баштап, Гаитидеги куралдуу топтордун башчыларына чейин, Чеченстандагы адам укуктарын бузгандарды жана башка көптөгөн кылмышкерлерди камтыйт», — деп айтылат маалыматта.

АКШ Улуу Британия менен биргеликте акыркы 48 сааттын ичинде эле коррупция жана адам укуктарын одоно бузууга тиешеси бар 37 субъектини аныктады.

Майк Помпео бул иштерди жасоодо жарандык коомдун жана журналисттердин салымы чоң экени белгилейт жана адам укуктарын коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү, акыйкат башкарууну илгерилетүү боюнча жарандык коом менен өнөктөштүктү улантууга үмүттөнөт.

Мындагы «Магнитский» аталышы орусиялык аудитор Сергей Леонидович Магнитскийдин (1972, Одесса — 2009, Москва) ысымы менен байланыштуу. Ал Орусияда ири көлөмдө бюджеттик акча каражатын уурдоо ыкмасын ашкерелеген. Ал салык төлөөдөн качкан деген кине менен камакка алынып, 11 айдан ашуун тергөө абагында жаткан жана 2009-жылы 16-ноябрда Москвадагы «Матросская тишина» тергөө абагынын ооруканасында шектүү кырдаалда көз жумган.

Маркум Магнитскийдин ысымы ар кандай авторитардык өлкөдө тайманбай күрөшкө чыккан укук коргоочулардын символуна айланган.