Домой Криминал Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалды (сүрөт)

Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалды (сүрөт)

50

2021-жылдын 19-март күнү Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмү боюнча башталган Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин ( адам өлтүрүү) негизинде ачылган сотко чейини өндүрүш ишинин алкагында Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБнин кызматкерлеринин биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрушүндө Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын тургуну, 24 жаштагы Өзгөн районунда туулган Х. А Кыргыз Республикасынын ЖКнин 41-130-бер. 2-бөл. 2,11-п. негизинде (Киши өлтүрүүгө кошо катышуу) шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-берененин негизинде Өзгөн РИИБдин УКЖна киргизилди. Азыркы учурда кылмышка шектүүнүн шериктерин кармоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.