Домой Криминал Ноокатта 21 жаштагы жигитти өлтүрүп денесин өзүнүн унаасынын багажына салып кетишкен

Ноокатта 21 жаштагы жигитти өлтүрүп денесин өзүнүн унаасынын багажына салып кетишкен

22

Ноокат районунда 21 жаштагы жигит киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын 1983-жылы туулган тургуну С.И. Ноокат РИИБге кайрылган. Ал 2000-жылы туулган иниси Б. уулу А. 21-май күнү «Дэу Лачетти» унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аны табуу үчүн Ноокат РИИБдин өздүк курамы тарабынан иликтөө иштери башталган. Анын жыйынтыгында кечээ, 23-май күнү дайынсыз жоголгон Б. уулу А.нын «Дэу Лачетти» унаасы Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан «Ака-Үка» чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылды.

Ага кароо жүргүзүү учурунда унаанын багажынан дайынсыз жоголгон Б. уулу А.нын жансыз денеси табылды. Ага сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болду. Жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө учурунда анын өлүмүнө шектелип Көк-Жар айылынын 20 жаштагы тургуну Т.Ж. менен 17 жаштагы Т.А. кармалды. Учурда алар аны эмне себептен өлтүргөндүн тактоо максатында тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

turmush.kg