Домой Кылмыш Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 50 жаштагы кошунасы кармалды

Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 50 жаштагы кошунасы кармалды

128

Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жаштагы кызды алдап чакырып, андан кийин зордуктоого аракет кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине кыздын 37 жаштагы апасы арыз менен кайрылган. Арызда анын 10 жаштагы кызын кошунасы үйүнө алып кирип зордуктоого аракет кылганын билдирип, ага карата чара көрүүнү сурап жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 162-беренеси «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Учурда керектүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү катары 50 жаштагы С.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары, шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда эки мергенчилик мылтык табылып, аларга баллистикалык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда», — деп билдиришти Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

super.kg