Кыргызстандын жараны Москвада октон жаракат алды. Бул тууралуу «Московский комсомолец» басылмасы билдирди.
Окуя 3-октябрда кечинде Орехвый бульварында болгон.
Бейтааныш адам Подмосковьеде туруктуу жашаган 30 жаштагы кыргызстандыкты ичке атып кеткен. Эркек киши оор абалда ооруканага жаткырылды, полиция учурда аткан адамды издеп жатат.