Домой Коом “Силерди эч ким коргобойт” Түрк ишкери Кыргызстанга инвестиция кылбоого чакырды

“Силерди эч ким коргобойт” Түрк ишкери Кыргызстанга инвестиция кылбоого чакырды

105

“Силерди эч ким коргобойт” Түрк ишкери Кыргызстанга инвестиция кылбоого чакырды

Бишкекте «Таксим — бир туугандар» деген түрк кафеси жабылды. Бул тууралуу кафенин ээси Али Ифлазоглу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Өз сөзүндө тамактанууучу жайды мындан 14 жыл мурда ачканын жазган.

«Бул менин Кыргызстанда тартып жаткан соңку видео болушу мүмкүн.  Мен Кыргызстанга келип, үй-бүлөлүк кафе ачтым. Жергиликтүүлөрдү жумуш менен камсыздап, салык төлөйм, 470 миң АКШ долларын салдым, уруксаат алуу үчүн 70 миң доллар бергенмин. Жыйынтыгында эмне болду? Кафе бузууга кетип, бул жерде эмгектенгендер жумушсуз калышты. Анын ордуна соода борборун куруу пландалууда”, – дейт Али Ифлазоглу өзүнүн видеокайрылуусунда.

Эч кимден колдоо таппаганын айтып, Кыргызстанда эч ким бизнести коргобой турганын айткан. Милиционерлер, соттор, Президент, жада калса Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да колдобогонун кошумчалады. Ошондой эле, коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болгонун да белгилеген.