Домой Криминал Эки кылмышкердин бири абактан качуу аракетинде өлтүрүлдү

Эки кылмышкердин бири абактан качуу аракетинде өлтүрүлдү

110

Чүй облусундагы Молдованка айылында 25-майдан 26-майга караган түнү саат 02:40та Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинен соттолгондор 58 жаштагы Т.Т. жана 22 жаштагы К.И. башкы тосмо аркылуу качууга аракет кылышкан. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түзөтүү мекемелерин коргоо жана камакта жаткан соттолгондорду коштоп жүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыраакылыгын көрсөтүшүп, качууга аракет кылгандарды чектелген аймактан таап, эскертүү иретинде абага ок чыгарышкан. Андан кийин качкандарга карата ок чыгарышкан, мунун натыйжасында бири каза болуп, экинчиси кармалды.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмыштары (адам өлтүрүү, жашы жете электи зордуктоо) үчүн жаза өтөп жатышкан. Качкындар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылгандар болгон.

Ыкчам-тергөө тобу качуу аракети боюнча иликтөөнү баштады. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.