Домой Кылмыш Карапайымдын көз жашы менен ойногон алдамчылык (видео)

Карапайымдын көз жашы менен ойногон алдамчылык (видео)

258

Биздин редакцияга Юсупова Калыйкан Тургунова кайрылып, алдамчылыкка кантип кириптер болгонун айтып берди.

Бишкек шаарынын тургуну Калыйкан 2016-жылы үйүн Өмүралиев Бакыт деген адамга тарттырып жиберген. Бул киши жеке эле өзү эмес, аялы экөө кошулуп ондогон үйбүлөлөрдү сыздатып, алдамчылык жол менен жашап аткан үйлөрүнөн ажыратып келет.

Жабырлануучунун айтымында, барбаган эшиги, кайрылбаган адамы калган эмес. Тиешелүү жерлерден жыйынтык болбогондо, Баш прокуратура менен Президенттин аппаратына кат жолдогон. Көп өтпөй иш алдыга жыла баштап, 1,5 жыл аралыгында иш тергелип, кечээ 22-сентябрда ШИИБдин кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

Үйүн алдырып жиберген Калыйкан адилеттүүлүк боло баштаганын кеп кылып, Президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алуусун суранат жана акыйкат чечим чыгарып берсе экен дейт.